09.02.2021 №23 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу топторун түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу топторун түзүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоодо жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана айкындуулукту, талапкерлер үчүн тең жана адилеттүү шарттарды камсыздоо, үгүт жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укуктарын сактоо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын аракеттерин (аракетсиздигин) даттануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо, ошондой эле жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерин ачуу, жүргүзүү – талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларынын каражаттары боюнча отчёттуулукту эсепке алуу тартибин контролдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында төмөнкүдөй жумушчу топтор түзүлсүн:

- Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ;

- Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу;

- Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу;

2. 1-пунктта көрсөтүлгөн жумушчу топторго – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бөлүштүрүлсүн:

- Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко - А.Г.Бекматов, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов;

- Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко -А.Т. Асаналиев, Б.С. Кадыров, Г.М. Баатырова;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобуна - Г.М. Баатырова, А.Т. Асаналиев,Е.Дж.Джилкичиева, А.Ж.Эшимов, А.А.Сариев;

- Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна–Н.К.Шайлдабекова, Т.У. Шайназаров, К.М. Осмоналиев, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов;

3. Облустардын кураторлору – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссиясына жана алар түзгөн жумушчу топторго усулдук жардам көрсөтүшсүн.

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. К. Шайлдабековага жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-февралы

№ 23