16.10.2023 №222 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

 

2023-жылдын 9-апрелинде Ош, Нарын, Талас жана Чүй облусунун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо биринчи жолу депутаттык мандаттардын 30% кем эмеси аялдар үчүн квота киргизүү менен өткөрүлдү. Ал эми Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек жана Ак-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде электрондук добуш берүү ийгиликтүү ишке ашырылды.

2023-жылдын 10-сентябрында № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоо өткөрүлдү.

2023-жылдын 8-октябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде аралыктан добуш берүү ийгиликтүү ишке ашырылды.

Жогоруда өткөрүлгөн шайлоолорду уюштурууда жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүжоопкерчиликтүү мамилелери менен өз милдеттерин сапаттуу аткарышты.

Ошону менен катар жогорудагы шайлоолорду уюштурууда жана өткөрүүдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жакындан көмөктөшүп, зор салым кошушкан.

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы №31 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен жана ыраазычылык каты менен тиркемеге ылайык сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү жана адам ресурстарын башкаруу сектору ушул чечимден келип чыккан зарыл чараларды ишке ашырсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

              ТӨРАГА                                                                                       Н.ШАЙЛДАБЕКОВА