Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.01.2021 №20 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү …

20.01.2021 №20 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматы жѳнүндѳ

Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын депозиттик эсебине 1 млн. сом суммасындагы шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн билдирет.

КР Президентинин кызмат ордуна жыйырма бир талапкерден БШКнын депозиттик эсебине шайлоо күрѳѳсү катары бардыгы 21 млн.сом суммасында каражат келип түшкѳн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16-бѳлүгүнѳ ылайык: “Шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:

1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;

2) эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюллеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.

Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарып берилген күрөө каражаттарынын суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш”.

Конституциялык мыйзамдын ушул жоболоруна жана КР БШКнын токтомдоруна ылайык тѳмѳндѳгүлѳргѳ 3 млн.сом суммасы кайтарылган:

1. К.А. Чороевге - 1 млн.сом 25.12.2020-жылы талапкерди каттоо жокко чыгарылгандыгына байланыштуу (КР БШК токтому, 14.12.2020 №468);

2. К.А. Токтосуновго - 1 млн.сом 15.12.2020-жылы талапкерди каттоо жокко чыгарылгандыгына байланыштуу (КР БШК токтому 12.12.2020 №445);

3. К.С. Исабековго - 1 млн.сом 11.12.2020-жылы шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК токтому 06.12.2020 №401).

Жыйынтыгында 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерине 18 талапкер киргизилген.

2020-жылдын 31-декабрында КР БШКнын № 529 токтому менен 2020-жылдын 30-декабрындагы берген арызынын негизинде  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Б. Тагаевди каттоо жокко чыгарылган.

      КР мыйзамдарынын жогоруда кѳрсѳтүлгѳн нормаларынын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 жана андан кѳп добуштарын алышкан тѳмѳндѳгү талапкерлерге 1 млн. сом суммасындагы шайлоо күрѳѳсү кайтарылууга жатат:

1.Жапаров С.Н.                    - 79,20%;

2.Арстанбек Мыктыбек       - 1,69%          

3.Сооронкулова К.С.           - 1,00%          

4.Ташов И.А.                        - 1,17%          

5.Сегизбаев А.К.                   - 1,46%          

6.Мадумаров А.К.                - 6,79%          

7.Тольбаев Б.Л.                     - 2,36%          

Калган талапкерлер шайлоочулардын  1% кем добуштарын алышкан.

Ошентип, БШКнын депозиттик эсебинде турган 18 млн.сом суммасындагы шайлоо күрѳѳсүнүн акча каражаттарынан  7 млн. сом Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге кайтарууга жатат, ал эми шайлоочулардын 1% кем добуштарын алышкан жана шайлоого андан ары катышуудан баш тартышкан башка талапкерлердин шайлоо күрѳѳсүнүн  11 млн. сом суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерүүгѳ жатат.

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16-бѳлүгүнүн 3-п. негизинде шайлоо күрѳѳсү Р.Б. Тагаевге кайтарылбайт, анткени Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу анын арызы шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин берилген («2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого шайлоо бюллетендери жѳнүндѳ» БШКнын 21.12.2020 №488 токтому).

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө Жобонун 44-пунктуна ылайык “Президенттин кызмат ордуна талапкер өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүдөй иретте отчет берүүгө милдеттүү… 3) Үчүнчү жыйынтыктоочу каржылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен.”.

 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык «… Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш аракеттеринин мөөнөттөрү (Президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо)…чейрекке кыскартылат».

Мыйзамдардын кѳрсѳтүлгѳн нормаларына ылайык КР Президентинин кызмат ордуна бардык 17 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө отчетторду беришкен (2021-жылдын 17-январына чейин календардык план боюнча).

 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык: “Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:

1) талапкерлердин каржылык отчетторун текшерет;

2)талапкерлерден шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды суратат жана алат;

3)талапкерлердин ... шайлоо өнөктүгүн каржылоодо алар тарабынан кетирилген эреже бузуулар үчүн талапкерлерге... карата жоопкерчилик чарасын колдонуу жөнүндө маселени тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына коет”.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16-бѳлүгүн, 42-беренесинин 6-бѳлүгүн, 48-беренесинин 2-бѳлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳтикѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин,  “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө Жобонун” 44-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧТИ:

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде БШКнын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрѳѳлѳрүнѳн келип түшкѳн каражаттардын суммасы жѳнүндѳ, талапкерлерге кайтарылууга жаткан шайлоо күрѳѳлѳрү тууралуу, бюджетке чегерүүгө жаткан сумма жѳнүндѳ Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө корутунду каржы отчетторун текшерүү ишке ашырылсын жана тийиштүү корутунду даярдалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышкан, шайлоочулардын 1 пайыздан кем эмес добуштарын алышкан, добуш берүүгѳ катышкан жана БШКга өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө отчетторду беришкен талапкерлерге тизмеге ылайык шайлоо күрѳѳсү кайтарылып берилсин:

1) Жапаров С.Н.                                                       1 000 000 сом,

2) Арстанбек Мыктыбек                                         1 000 000 сом,

3) Сооронкулова К.С.                                              1 000 000 сом,

4) Ташов И.А.                                                          1 000 000 сом,

5) Сегизбаев А.К.                                                     1 000 000 сом,

6) Мадумаров А.К.                                                  1 000 000 сом,

7) Тольбаев Б.Л.                                                       1 000 000 сом

    БАРДЫГЫ                                                         7 000 000сом

 

4. Конституциялык Мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышкан, шайлоочулардын 1% кем добуштарын алышкан, шайлоого андан ары катышуудан баш тартышкан  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрѳѳсүнѳн калган 11 000 000 сом  Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулсун.

5. Талапкерлердин шайлоо күрѳѳсүнѳн келип түшкѳн сумма, талапкерлердин кайтарылган шайлоо күрѳѳлѳрүнүн суммасы жана бюджетке которулган сумма  жѳнүндѳ маалыматтар БШКнын расмий сайтына жарыялансын. 

6. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо КР БШКнын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА         

 

Бишкек ш., 20-январь 2021-жыл

№ 20