Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.09.2023 №220 Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын …

20.09.2023 №220 Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйынтыктоочу маалыматы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде
келип түшкөн арыздар тууралуу Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун

жыйынтыктоочу маалыматы жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоочулардан 33 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкѳн, алардын ичинен 7 арыз Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топко (мындан ары – Жумушчу топ) келип түшкөн.

Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча арыздар жана даттануулар тѳмѳндѳгүдөй түрлѳрдү камтыйт: шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуулар жѳнүндѳ – 3, талапкердин ар-намысын, кадыр баркын жана ишкердик аброюн кемсинткени жѳнүндѳ – 1, талапкерлерди каттоо жѳнүндѳ – 2, участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу жѳнүндѳ – 1.

Депутаттыкка талапкерлерден жана алардын ѳкүлдѳрүнѳн 4 арыз, шайлоо процессинин башка катышуучуларынан 3 арыз келип түшкѳн.

7 арызды кароонун жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүдөй чаралар кабыл алынган:

1) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн талапкерге жазуу жүзүндѳ эскертүү берилген (мѳѳнѳтүнѳн мурда үгүт жүргүзүү);

2) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу боюнча талапкерлерди жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ эки арызды канааттандыруудан баш тартылган;

3) башка талапкердин ар-намысын, кадыр баркын жана ишкердик аброюн кемсинткен маалыматтарды таркаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык талапкерге 7500 сом айып пул салынган;

4) талапкерлерди каттоо жѳнүндѳ эки кайрылуу боюнча түшүндүрмөлөр жѳнѳтүлгѳн;

5) участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу жѳнүндѳ арыз Ленин округдук шайлоо комиссиясына жѳнѳтүлүп, 2023-жылдын 12-сентябрындагы №11/1 чечими менен арызды канааттандыруудан баш тартылган.

Мындан тышкары, Жумушчу топ тарабынан укук коргоо органдарынан жана Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунан келип түшкѳн шайлоо мыйзамдарын бузуу жѳнүндѳ 8 материал жана 1 билдирүү каралган.

Кароонун жыйынтыгы боюнча:

- 6 жеке жактарга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 7500 сомдон айып пулдар салынган;

- 2 жеке жактарга жана 1 юридикалык жакка талапкер жѳнүндѳ билип туруп жалган маалыматтарды таркаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин 66-беренесинин негизинде 12 500 сом (жеке жактарга) жана 35 000 сом (юридикалык жакка) айып пулдар салынган.

Келип түшкөн бардык арыздар жана материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча жеке жана юридикалык жактарга жалпысынан 112 500 сом айып пулдар салынган.

Бардык келип түшкѳн арыздар, даттануулар жана билдирүүлѳр каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган жана түшүндүрмөлөр жѳнѳтүлгѳн. Келип түшкөн бардык арыздар жана алар боюнча көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтындагы даттануулар жана бузуулар Реестринде жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-povtorvyborah-10sent-2023/).

Жумушчу топтун жыйынтыктоочу маалыматын угуп, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйнтыктоочу маалыматы эске алынсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 20-сентябры

№220