Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.09.2023 №219 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

20.09.2023 №219 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралар

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) жыйынында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн билдирүүлѳр жѳнүндѳ Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) маалыматы угулду.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жана кѳзѳмѳлдѳѳ органдарынын ѳкүлдѳрү: Бишкек шаары боюнча КР УКМК башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары А.К. Керимов, Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.О. Мамыров, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору Ш.А. Кожобердиев, Бишкек шаарынын ИИББнин начальнигинин орун басары Ч.А. Майлыбеков, КР ИИМ тергѳѳ кызматынын бѳлүмүнүн начальниги С.Б. Макилов, Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин начальнигинин орун басары Н.Д. Кыдырбаев катышты.

ЫЧКТнын координатору, БШКнын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровдун маалыматы боюнча шайлоо ѳнѳктүгү башаталгандан бери 2023-жылдын 20-сентябрын кошуп алганда ЫЧКТга 26 бузуулар жѳнүндѳ билдирүү келип түшкѳнүн маалымдады. Алардын ичинен 6 билдирүү шайлоого даярдык жүрүп жатканда, 2 билдирүү - үгүт жүргүзүү токтогон күнү, 18 билдирүү – шайлоо жана андан кийинки күнү келип түшкѳн. Келип түшкѳн бардык билдирүүлѳр укук коргоо органдарына кароо жана укуктук баа берүү боюнча токтоосуз түрдѳ жѳнѳтүлгѳн.

Укук коргоо органдарынын маалыматтары боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергѳѳ кызматынын тергѳѳгѳ чейинки текшерүүсүнүн натыйжасында шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жѳнүндѳ 21 факты боюнча кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергѳѳ кызматынын чечимдери мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган. Ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан МЭЖ №02-001-2023-022652 жана №02-001-2023-022630 (шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жѳнүндѳ) 2 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом жокко чыгарылган, материалдар Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБне кошумча текшерүүгѳ кайтарылган.

Ошондой эле МЭЖ №02-001-2023-022311, №02-001-2023-022327 жана №02-001-2023-022421 (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүмкүн болушу жѳнүндѳ) 2 факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергѳѳ кызматынын тергѳѳгѳ чейинки текшерүүсүнүн натыйжасында кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

2023-жылдын 20-сентябрында тѳмѳндѳгү 2 материал боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергѳѳ кызматынын тергѳѳгѳ чейинки текшерүүсүнүн натыйжасында кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган:

- Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергѳѳ кызматынын МЭЖ №02-001-2023-023124 материалы (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүмкүн болушу жѳнүндѳ);

- Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергѳѳ кызматынын МЭЖ №02-001-2023-023174 материалы (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүмкүн болушу жѳнүндѳ).

Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык БШКнын жыйыны ѳтүп жаткан күнүгѳ карата тѳмѳндѳгү 2 материал боюнча териштирүү улантылып жатат:

- Бишкек шаары боюнча КР УКМК башкы башкармалыгынын №03-828-2023-000092 кылмыш иши (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүмкүн болушу жѳнүндѳ);

- Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергѳѳ кызматынын МЭЖ №02-001-2023-023174 материалы (акча берүүнү опузалап талап кылуу фактысынын мүмкүн болушу жѳнүндѳ).

Бишкек шаары боюнча КР УКМК башкы башкармалыгынын тергѳѳчүсү Т. Данилов №03-828-2023-000092 кылмыш иши боюнча Бишкек шаары боюнча КР УКМК башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бѳлүгү боюнча айрым жарандарга карата тергѳѳ жүрүп жатканын билдирди. Мында шайлоо мыйзамдарын бузууга №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катыштыгы жок экендиги аныкталган.

Укук коргоо органдарынын жана кѳзѳмѳлдѳѳ органдарынын маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга же шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүгѳ таасир эткен шайлоо мыйзамдарын бузуулар жѳнүндѳ каралбай калган материалдар жок.

Укук коргоо органдарынын жана кѳзѳмѳлдѳѳ органдарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген “Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иштѳѳ тартиби жѳнүндѳ” жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча укук коргоо органдары жана кѳзѳмѳлдѳѳ органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ маалыматтар, ошондой эле №02-001-2023-022652, №02-001-2023-022630, №03-828-2023-000092, №02-001-2023-023174, №02-001-2023-023124 жана №02-001-2023-023533 сотко чейинки ѳндүрүштѳр боюнча маалыматтар эске алынсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 20-сентябры

№ 219