16.06.2023-ж. №128 2023-жылдын 28-майында өткөн №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн суммалары жөнүндө, талапкерлерге кайтарып берүүгө жана бюджетке чегерүүгө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары - Көзөмөлдөө-текшерүү тобу) 2023-жылдын 28-майында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөндүгүн билдирет.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 60-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык шайлоо күрөөсүнүн ѳлчѳмү 100 000 сомду түзөт.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катары 34 талапкерден 3 миллион 400 миң сом түшкөн:
- Добуш берүүгө 29 талапкер катышты;
- 1 талапкерге (Т.И. Ормуков) 2023-жылдын 4-майындагы №87 чечими менен каттоодон баш тартылган;
- 1 талапкер (Н.К. Сакиев) каттоого чейин андан ары катышуудан баш тарткан - БШКнын 2023-жылдын 2-майындагы №71 чечими;
- 2 талапкер (А.М. Кадралиев жана А.М. Медеров - БШКнын 2023-жылдын 10-майындагы № 96, № 98 чечимдери) бюллетендин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартышкан;
- 1 талапкер (Б.Б. Мураталиев - БШКнын 2023-жылдын 23-майындагы №108 чечими) добуш берүүнүн тексти жана формасы бекитилгенден кийин андан ары катышуудан баш тарткан.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 41-беренесинин 16, 16-1-бөлүктөрүнө ылайык:
«16. Шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:
1) бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;
2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.
4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса.
Күрөөнүн калган суммасы бюджетке кошулууга тийиш.
16-1. Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берген күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарган учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган учурда талапкер, саясий партия тарабынан коюлган шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет».
Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык: «4-1. Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу».
2023-жылдын 16-июнунда БШКнын №58 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылган.
Ушуга байланыштуу, 2 миллион 700 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого катышкан талапкерлерге кайтарылууга тийиш (төмөнкү таблицага ылайык). Шайлоо күрөөсүнүн 300 000 сом өлчөмүндөгү калган суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилүүгө жатат.
№ |
Талапкердин Ф.А.А. |
Талапкерлерге кайтарууга жаткан шайлоо күрөөсү, сом |
Республикалык бюджетке чегерилүүгө жаткан сумма, сом |
1 |
Айдаралиева Таалайкүл Муратовна |
100 000 |
|
2 |
Айтбаев Акыл Казакович |
100 000 |
|
3 |
Суваналиев Омурбек Исакович |
100 000 |
|
4 |
Мураталиев Бактыбек Баймбетович *өз арызынын негизинде каттоосу жокко чыгарылган |
|
100 000 |
5 |
Сарылдык уулу Илгиз |
100 000 |
|
6 |
Субанов Айбек Манасбекович |
100 000 |
|
7 |
Аттокур уулу Илимбек |
100 000 |
|
8 |
Эмилов Темир Аттокурович |
100 000 |
|
9 |
Джеенбеков Равшан Бабырбекович |
100 000 |
|
10 |
Скорняков Андрей Владимирович |
100 000 |
|
11 |
Айткулов Муктарбек Мукулович |
100 000 |
|
12 |
Тербишалиев Данияр Омурзакович |
100 000 |
|
13 |
Сагидаева Салтанат Ариповна |
100 000 |
|
14 |
Керимбеков Бакыт Макенович |
100 000 |
|
15 |
Искаков Эртай Дуйшобекович |
100 000 |
|
16 |
Сариев Улан Алмасбекович *каттоосу жокко чыгарылган жана отчет берилген эмес |
|
100 000 |
17 |
Камбаров Мирлан Адилбекович |
100 000 |
|
18 |
Бекназаров Руслан Азимбекович |
100 000 |
|
19 |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович |
100 000 |
|
20 |
Рысалиев Бактыбек Коржубаевич |
100 000 |
|
21 |
Исмаилова Карачач Джумаевна |
100 000 |
|
22 |
Булекбаев Эркин Касымович |
100 000 |
|
23 |
Тазабекова Гүлшат Алпамышовна |
100 000 |
|
24 |
Кунакунов Максат Касымжанович |
100 000 |
|
25 |
Мадылбеков Эльдар Туратбекович |
100 000 |
|
26 |
Ниязалиева Дамира Абаскановна *каттоосу жокко чыгарылган |
|
100 000 |
27 |
Бакир уулу Турсунбай |
100 000 |
|
28 |
Макешов Кубанычбек Бектемирович |
100 000 |
|
29 |
Токталиев Акин Усубалиевич |
100 000 |
|
30 |
Маликов Аким Маликович |
100 000 |
|
|
БАРДЫГЫ: |
2 700 000 |
300 000 |
БШКнын жыйынында КТТ башчысы И.Т. Гайпкулов шайлоону өткөн жок же жараксыз деп таанууга алып келген аракеттери үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын акчалай каражаттарынын ордун толтурууну караган ченемди иштеп чыгып, мыйзамга киргизүүнү сунуштады.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 41, 42, 60-1-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №112 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматынын негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 28-майында өткөн №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн суммалары жөнүндө, талапкерлерге кайтарып берүүгө жана бюджетке чегерүүгө жаткан шайлоо күрөөлөрүнүн суммалары тууралуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы эске алынсын.
2. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоону өткөн жок же жараксыз деп таанууга алып келген аракеттери үчүн акчалай каражаттардын ордун толтурууну караган ченемди иштеп чыгуу жана мыйзамдарга киргизүү жөнүндө Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси И.Т. Гайпкуловдун сунушу эске алынсын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгына жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү ушул чечимден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси И.Т. Гайпкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 16-июну
№ 128