Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.01.2021 №16 Аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерине «Клооп Медиа» …

20.01.2021 №16 Аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерине «Клооп Медиа» коомдук фондусунун даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерине «Клооп Медиа» коомдук фондусунун даттануусу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерине «Клооп Медиа» коомдук фондунун ѳкүлү Ф.А. Якупбаевадан 2021-жылдын 19-январында № 04-13\246 даттануу келип түшкѳн.

Өзүнүн даттануусунда арыз ээси 2021-жылдын 10-январында «Клооп Медиа» коомдук фонду башкаруунун формасын тандап алуу боюнча референдумун жана Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүнүн жүрүшүнѳ катышкандыгын билдирген.

Шайлоо участкаларына мониторингдин жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын аймагында «Клооп Медиа» коомдук фондунун байкоочулары тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана «Кыргыз Республикасынын ренферендуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын бузуулар белгиленген.

Ушуга байланыштуу Коомдук фонд тарабынан 2021-жылдын 12-январында Сокулук жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларында шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу жѳнүндѳ даттануу берилген.

Бирок аталган аймактык шайлоо комиссиялары 2021-жылдын 13-январындагы жана 2021-жылдын 15-январындагы чечимдери менен «Клооп Медиа» коомдук фондунун даттануусун канаатандыруудан баш тартышкан.

Жогоруда аталган аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине макул болбогон «Клооп Медиа» КФ даттануу менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.

Өзүнүн даттануусунда «Клооп Медиа» КФ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 31, 35, 45-беренелери бузулгандыгын кѳрсѳткѳн.

Арыз ээси аймактык шайлоо комиссияларынын аркеттеринде бузууларды кѳрсѳткѳн, ушуга байланыштуу тѳмѳндѳгүлѳрдү суранган:

- участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) тѳрагаларынын аракетсиздиктерин мыйзамга ылайык эмес деп таанууну;

Сокулук АШК, Токмок АШК аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – АШК) аракеттерин мыйзамга ылайык эмес деп таанууну;

- Сокулук АШК-УШК №№ 7208, 7229, 7215, 7213, 7226, 7227, 7239, 7405 (шайлоочулардын эркин билдирүүсүн жашырындуулугун бузуу); Токмок АШК - УШК №№ 7071, 7070, 7079, 7074 (шайлоочулардын эркин билдирүүсүн жашырындуулугун жана добуш берүүнү уюштуруу эрежесин бузуу) шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну.

Объективдүү кароо максатында Жумушчу топтун жыйынына «Клооп Медиа» КФнын ѳкүлү Ф. Якупбаева, ошондой эле кызыктар тараптар чакырылган.

Даттанууну кароодо «Клооп Медиа» КФнын ѳкүлү Ф. Якупбаева арызда камтылган талаптарды колдогон, ошондой эле жогоруда аталган аймактык шайлоо комиссиялары 2021-жылдын 13 жана 15-январында даттанууну канаатандыруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарышканын, ал эми коомдук фондуга аталган даттануу 2021-жылдын 16-январында жѳнѳтүлгѳнүн белгилеген.

Мындай жагдай Жумушчу топтун жыйынында чыныгы документтер, электрондук кат алышуулар менен тастыкталган.

Ушул арызда кѳрсѳтүлгѳн бузуулар Жумушчу топ тарабынан арыз ээсинин 2021-жылдын 19-январындагы 04-13/275 даттануусунда кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын кѳлѳмүндѳ каралган.

Ошону менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясы аталган даттанууга ылайык, арыз ээси тарабынан Сокулук АШК 2021-жылдын 13-январындагы №75 чечимине, ошондой эле Токмок АШК 2021-жылдын 15-январындагы №51 чечимине даттануу берилгендигин белгилейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы «Клооп Медиа» коомдук фондунун ѳкүлдѳрү тарабынан берилген материалдарды жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин иликтеп чыгып, даттанууда кѳрсѳтүлгѳн чечимдер негиздүү жана шайлоолор жѳнүндѳ мыйзамдардын алкагында кабыл алынган деген чечимге келет

Ошону менен бирге конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык «Арыздар (даттануулар), шайлоо субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.».

Мында конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 8, 9-бѳлүктѳрүнѳ ылайык «Шайлоонун даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын колу коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат».

Баяндалгандарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы чечим кабыл алынган учурдан тартып аны мѳѳр менен күбѳлѳндүрүп, токтоосуз түрдѳ арыз ээсине берүүгѳ тийиш экендигин белгилейт.

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесин, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Клооп Медиа» коомдук фондунун 2021-жылдын 19-январындагы даттануусу:

- участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын аракеттерин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жана №№7208, 7405, 7215, 7227, 7226, 7239, 7213 (Сокулук АШК); 7071, 7070, 7079, 7074 (Токмок АШК) шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бѳлүгүндѳ – баш тартылсын;

- Сокулук жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттери мыйзамга ылайык келбейт деп таануу бѳлүгүндѳ – жарым-жартылай канаатандырылсын:

- арыздарды жана даттанууларды кароо мѳѳнѳттѳрү бѳлүгүндѳ шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгы үчүн Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасына жана Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасына эскертүү берилсин.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 20-январы

№ 16