Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 25.08.2021 №159 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын айрым чечимдери …

25.08.2021 №159 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын айрым  чечимдери жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) дарегине Ош аймактык шайлоо комиссиясынан (мындан ары – Ош АШК) бекитүү үчүн тѳмѳндѳгү чечимдердин тизмеси менен кат келип түшкѳн:

1) Талапкерлердин арыздарын жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечиминин кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен  «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 38 аял талапкерди чыгаруу жөнүндө Ош АШКнын     2021-жылдын 15-июлундагы № 41/1 чечими;

2) «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттары А. Ашимжан кызынын жана  А. Манап кызынын депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда  токтотуу, бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкерлер         Н. М. Омурзаковго жана Д. А.  Жеенбековго өткөрүп берүү жѳнүндѳ Ош АШКнын     2021-жылдын 12-августундагы № 42 чечими;

3) Талапкерлердин арыздарын жана «Ата-Журт  Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 9-августундагы  № 10 чечиминин кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен  «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 39 талапкерди (алардын 31 аял талапкерлер) чыгаруу жөнүндө Ош АШКнын 2021-жылдын 12-августундагы № 43 чечими;

4) «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттары  А. А Караеванын, У. Ж. Акматованын жана  Б. Н. Турсунбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда  токтотуу, бош калган депутаттык мандаттарды саясий партиядан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкерлер Б. Т. Баетовго, Б. С. Жолдошбаевге жана Ш. Бакир уулуна өткөрүп берүү жѳнүндѳ Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 44 чечими;

5)  «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты У. К. Каналиевдин  депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда  токтотуу, бош калган депутаттык мандатты «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкер  Н. К Раимовго өткөрүп берүү жѳнүндѳ Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы  № 45 чечими;

6)  Талапкерлердин арыздарын жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 18-августундагы  № 6 чечиминин кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 6 талапкерди чыгаруу жөнүндө Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 46 чечими;

7) Башка тиркелген документтер (депутаттардын жана талапкерлердин арыздары, паспортторунун кѳчүрмѳлѳрү, соттуулугу жоктугу жѳнүндѳ маалымкаттары).

Мында, Ош АШКнын кѳрсѳтүлгѳн чечимдери Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына бекитүү үчүн өз учурунда келип түшкѳн эмес.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 28-пунктуна ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Ошону менен  бирге, саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмелеринен аял талапкерлердин кѳп санынын бир эле учурда чыгып жатышы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында шектенүүнү жаратат, бул келип түшкѳн документтерди жол-жолбоштуруунун аныктыгын жана тууралыгын кошумча текшерүүнү, аталган аял талапкерлердин арыз беришинин жагдайларын аныктоону талап кылат.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн  1, 2, 28-пункттарын, 2-бѳлүгүнүн 4, 5-пункттарын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49,  56-1-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

ЧЕЧТИ:

 

1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын тѳмѳндѳгү чечимдерин кабыл алуунун бардык жагдайлары аныкталганга чейин кароо кийинкиге калтырылсын:

- 2021-жылдын 15-июлундагы  № 41/1,

- 2021-жылдын 12-августундагы  № 42,

- 2021-жылдын 12-августундагы  № 43,

- 2021-жылдын 18-августундагы  № 44,

- 2021-жылдын 18-августундагы  № 45,

- 2021-жылдын 18-августундагы  № 46.

2.  Бул чечимдин кѳчүрмѳсү Ош АШКга жѳнѳтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-августу

№ 159