Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 17.08.2021 №158 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү …

17.08.2021 №158 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин ѳкүлчүлүгүнүн ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумдун долбоорун

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин ѳкүлчүлүгүнүн ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумдун долбоорун жактыруу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 28-июлунда кабыл алынган «Кыргыз Респуликасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун тартиби пропорционалдык шайлоо системасынан аралаш шайлоо системасына ѳзгѳртүү каралган: 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча, 54 депутат талапкерлердин ачык тизмеси менен пропорционалдык система боюнча.

Депутаттарды шайлоонун тартибин ѳзгѳртүү шайлоодо жана АЭУ бюллетендерин таанууда добуштардын жыйынтыгынын маалыматтарын топтоо үчүн колдонулуучу электрондук Маалыматтык шайлоо системасынын программалык камсыз кылуусуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча ишти киберкоопсуздугунун бардык талаптарын сактоо менен кыска мѳѳнѳттѳ ѳткѳрүүнү талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан каржылоо булагын аныктоо жана Маалыматтык шайлоо системасынын модулун ѳркүндѳтүү үчүн тышкы техникалык жардамды тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Сүйлѳшүүлѳрдүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин ѳкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин ѳкүлчүлүгүнүн ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумга кол коюу аркылуу жогоруда аталган милдеттердин бѳлүгүн ишке ашыруу үчүн техникалык жардам берүүгѳ даяр экендиктери билдирилди.

Жогоруда аталган иш-чараларды жүзѳгѳ ашыруу «Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 15-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 токтому менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана табыгый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алуунун тартибинин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-августундагы № 651 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун эрежелеринин» негизинде мүмкүн болот.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктун, 2-бѳлүгүнүн 8-пунктун, 8, 11-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин ѳкүлчүлүгүнүн ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумдун долбоору жана ага кол коюу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ушул меморандумдун аткарылышын, анын ичинде мурда Маалыматтык шайлоо системасын иштеп чыгууга катышкан квалификациялуу компания менен макулдашуу түзүү чараларын кабыл алсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо программалык-техникалык камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М.Д. Наспековго жүктѳлсүн.


ТӨРАГА                                                                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-августу

№ 158