Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 18.09.2020 № 158 «Демократия жана жарандык коом үчүн …

18.09.2020 № 158 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБ даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБ даттануусу жѳнүндѳ

 

2020-жылдын 15-сентябрында «Кыргызстан» саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабеков тарабынан шайлоочуларды сатып алуу аракети жѳнүндѳ жана аны «Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесине каттоону жокко чыгаруу талабы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБ арыз менен кайрылган.

Арыз тараптардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда жана талапкер Д.А. Джумабековдон кошумча материалдарды суратып алуу менен Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ тарабынан каралган.

Жумушчу топтун кароосунун жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренесинде каралган үгүт эрежесин бузгандыгы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо кампаниясынын жүрүшүндѳ анын карамагында турган адамдык, институциялык, маалыматтык жана башка ресурстарды укукка сыйбаган пайдалануунун белгилери үчүн «Кыргызстан» саясий партиясынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековду каттоону жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына сунуш кылынган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн жыйынында жогоруда аталган Жумушчу топтун маалыматын жана чечимин, «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын ѳкүлү А. Эсенгуловдун жана «Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Э. Абелдиеванын негиздемелерин жана түшүндүрмѳлѳрүн угуп жана талкуулап, тѳмѳндѳгүдѳй чечимге келди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн добуш берүүсүндѳ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн талапкер Д.А. Джумабековду каттоону жокко чыгаруу жѳнүндѳ Жумушчу топ тарабынан сунуш кылынган чечимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүк добушунун колдоосуна ээ болгон жок.

Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесине ылайык «ушул конституциялык мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер бирдей укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.».

Ошол эле 21-берененин 2-бѳлүгүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаты эгерде талапкер болуп көрсөтүлсѳ кызматтык же кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турууга тийиш болгон мамлекеттик саясий кызматчылардын катарынан чыгарылган.

Ошону менен бирге конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген талапкерлер кызматтык же кызмат ордунун абалынын артыкчылыктарын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленгендей, мыйзамдардын негизинде ѳзүнүн кызматтык милдеттерин токтотпогон талапкердин аракеттеринде талапкерди, тигил же бул партиянын талапкерлеринин тизмесинин кѳрсѳтүү жана (же) шайлоо максатында ѳзүнүн карамагында турган жана анын кѳзѳмѳлүндѳгү ресурстарды пайдалануунун белгилери камтылууга тийиш эмес.

2020-жылдын 15-сентябрында жарыяланган КР Жогорку Кеңешинин басма-сѳз релизи адамдык, маалыматтык жана институтциялык ресурстарды колдонууну билдирген, анын карамагында турган ресурстарды укукка сыйбаган колдонуунун белгилери КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековдун аракеттеринде бар экендигин айкындаган, бул ал талапкери болуп саналган «Кыргызстан» саясий партиясынын үгүт кампаниясын жакшыртууга кызмат кылган. «Сүйүнчү» иретинде ымыркайга 50 000 сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаттарын берүү боюнча талапкер Д.А. Джумабековдун аракеттери мааниси боюнча «Кыргызстан» саясий партиясы билдирген программалык максаттарга байланышкан, атап айтканда шайлоо алдындагы үгүт кампаниясында «Балага сүйүнчү» программасы боюнча тѳлмѳмдѳрдү 4-5 миң сомдон 50 000 сомго жеткирүү пункттарынын бири болуп саналган «Кыргызстан» саясий партиясынын программасын жүзѳгѳ ашыруунун мисалы болушу мүмкүн.

Мындай шартта талапкер Д.А. Джумабековдун аракеттеринде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1, 28-беренелерин бузуунун белгилери бар.

Баяндалгандардын негизинде, ошондой эле Д.А. Жумабеков КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер гана болуп саналбастан, ошондой эле «Кыргызстан» саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчѳсү болуп саналарын, башкача айтканда саясий партиянын жетекчилигине тийиштиги бар экендигин (муну «Кыргызстан» саясий партиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы каты тастыктайт) эске алуу менен аталган бузуулар үчүн жоопкерчилик «Кыргызстан» саясий партиясына жүктѳлүшү мүмкүн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 9-бѳлүгүнѳ ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга укук бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. ».

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин, «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароо тартиби жѳнүндѳ Жобону» жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧТИ:

1. «Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабеков тарабынан шайлоо мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы үчүн «Кыргызстан» саясий партиясына жазуу жүзүндѳгү эскертүү берилсин.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-сентябры

№158