15.11.2024 № 296 “Социал-демократтар” саясий партиясынын арызы жөнүндө (Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 37/8 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө)

“Социал-демократтар” саясий партиясынын арызы жөнүндө

(Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 37/8 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө)

 

2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) “Социал-демократтар” саясий партиясынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – БАШК) 2024-жылдын 12-ноябрындагы №37/8 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз келип түшкөн.

Арызда, 2024-жылдын 12-ноябрында “Социал-демократтар” саясий партиясынан талапкер Т.М.Султанбековдун Бишкек шаарындагы Комунаров көчөсүндө шайлоочулар менен жолугушуу учурундагы билип туруп жалган маалыматтар менен күнөөлөөсүн текшерүү жөнүндө “Жаңы күч – Новая сила” саясий партиясынын арызын БАШКсы караган деп көрсөтүлөт.  

“Жаңы күч – Новая сила” саясий партиясы өзүнүн билдирүүсүндө анын дарегине карата Т.М. Султанбеков тарабынан айтылгандар ачыктан-ачык жалган-жалаа жабуу экенин билдирген.

2024-жылдын 12-ноябрындагы №37/8 БАШКнын чечими менен: үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн “Социал-демократтар” саясий партиясына жазуу жүзүндөгү эскертүү берилген; талапкер Т.Султанбековго, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 65-беренесине ылайык айып салынган; “Социал-демократтар” саясий партиясын көрсөтүлгөн басылмаларды өчүрүү милдеттендирилген.

Келип түшкөн арызды объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн, 2024-жылдын 15-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болуп, анда БАШКнын төрагасы Б.А.Конуров жана “Социал-демократтар” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Т. Абдыкеримов чакырылып, алар угулду.

Отурумда “Социал - демократтар” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү - Б.Т. Абдыкеримов таркатылган маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтарына негизделгендигин жана “Социал-демократтар” саясий партиясынын лидери Т.Султанбеков айткан маалымат мурда расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланганын билдирди. Б.Т. Абдыкеримов Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ар бир адам өз оюн жана пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экенин айтты.

Арыздануучу мындан тышкары БАШКнын “Социал-демократтар” саясий партиясына мыйзамсыз эскертүү бергенин, анткени “Жаңы күч – Новая сила” саясий партиясынын чара көрүү боюнча арызында сөз талапкер Т.М.Султанбеков жөнүндө гана болуп жаткандыгын белгиледи.

Бирок БАШКнын маалыматы боюнча, “Жаңы күч – Новая сила” саясий партиясынын талапкерлери боюнча Т.М. Султанбековдун айткандарында фактылар жана негиздер жок, демек БАШКсы тигил же бул талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси шайланса, ошондой эле саясий партиянын кайсы бир талапкери (же кайсы бир талапкерлери) жөнүндө терс комментарийлер менен айкалышкан маалымат таркатылса, мүмкүн болуучу терс кесепеттерди сыпаттоо жагынан шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү талаптары бузулду деп табат жана БАШКсы тарабынан 2024-жылдын 12-ноябрындагы №37/8 чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.

Ошондой эле тиешелүү видеоматериал саясий партия тарабынан даярдалганын жана саясий партиянын социалдык тармактарындагы баракчаларында жарыяланганын (талапкер Султанбеков Т. менен авторлош болуп), ал эми бул видеонун көчүрмөсү БАШКна үгүт материал катары көрсөтүлгөн эмес жана саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жок деп БАШКсы белгиледи. БАШКнын төрагасы, арызды Борбордук шайлоо комиссиясы карап жаткан учурда аталган басылма Instagram социалдык тармагында өчүрүлгөнүн, бирок Фейсбук социалдык тармагында жарыяланып тургандыгын, ошону менен бирге “Социал-демократтар” партиясы БАШКнын мыйзамдуу талаптарын аткарбай жатканынын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” саясий партиясынын билдирүүсүн карап чыгып, ошондой эле тараптардын пикирин угуп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келет.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин нормаларына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү атайылап жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине доо кетирүүчү материалдарды жарыялоого жол берүүгө укугу жок. Мындан тышкары, саясий партияга үгүт үчүн берилген телеберүүнү жүргүзгөн уюмдардын каналдарында аларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген акысыз эфирдик убакытты, басылма продукцияларды, аянттарды бул же тигил талапкерди шайлаган учурда мүмкүн болуучу терс жана башка кесепеттерди жайылтуу максатында пайдалануусуна тыюу салынат.

Жогоруда айтылгын видеоролик, талапкер Т.Султанбековдун жана “Социал-демократтар” саясий партиясынын “Instagram”, “Facebook” социалдык түйүндөрүндөгү жеке баракчаларында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган.

Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык: “Басма жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таркатуунун алдында тиешелүү шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш”.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы даттанылган БАШКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы №37/8 чечимин негиздүү жана колдонуудагы шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынган деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-ноябрындагы №37/8 чечими күчүндө калтырылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 15-ноябры

№ 296