Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 27.11.2021 №1399 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз …

27.11.2021 №1399 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дайырбеков Таалайбек Эсенбековичке карата берилген УКМКнын Бишкек шаары боюнча ББнын маалыматы тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дайырбеков Таалайбек Эсенбековичке карата берилген Бишкек шаары боюнча УКМК ШБнын маалыматы тууралуу   

 

2021-жылы 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары – ЫЧКТ) Бишкек шаары боюнча УКМК ШБнын сотко чейинки өндүрүш боюнча №03-828-2021-000201 менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгиси боюнча (добуштарды сатып алуу) катталган  маалыматтары жана материалдары келип түштү.  

Берилген маалыматтарга ылайык, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер – Т.Дайырбековдун кызыкчылыгында аракеттенген Б.Асанбеков, Р.Кожобергенов, А.Калматова, А.Пахомов Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургундары жана үй комитеттеринин төрагалары менен ишеним байланышын түзгөн, аталган талапкердин пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алууну уюштурган.  

2021-жылы 26-ноябрда мурда макулдашылган сүйлөшүүлөргө ылайык,  Б.Асанбеков жана Р.Кожобергенов үй комитеттеринин бирин А.Суюмбаев көчөсү боюнча жайгашкан талапкер Т.Дайырбековдун штаб квартирасына чакырышкан, мында ал Т.Дайырбековдун ишенимдүү адамдары – А.Пахомов жана А.Калматова менен жолугушкан.   

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Пахомов 48 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын талапкер Т.Дайырбековдун пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алуу максатында үй комитеттеринин бирине берген.  

Сатып алуу фактысын документтештирүү максатында, 48 000 сомду бергенден кийин, жогоруда аталган офисте дароо тинтүү жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө 46 500 сом өлчөмүндөгү акча каражаты, аталган район боюнча шайлоочулардын тизмеси, ошондой эле үгүт материалдары табылган.  

Бишкек шаары боюнча УКМК ШБ маалыматына ылайык, териштирүүнүн жүрүшүндө Т.Дайырбековдун ишенимдүү адамдарынын шайлоочулардын добуштарын сатып алууга карата тиешелүү экендигин тастыктоочу төгүндөлгүс фактылар алынган.   

Ошону менен бирге эле, 2021-жылы 27-ноябрда А.Пахомовго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп шектелгендиги тууралуу билдирүү тапшырылган.   

Укук коргоо органынын маалыматы боюнча, кылмыш аракеттерин, ошондой эле талапкер Т.Дайырбековдун пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча жогоруда аталган схемага тийиштиги бар башка адамдарды аныктоого жана документтештирүүгө багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар уланууда.    

Бишкек шаары боюнча УКМК ШБ тарабынан берилген маалыматтарды жана материалдарды изилдеп чыгып жана талкууга алып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй чечимге келди.  

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген шартта сатууга; Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символикасын, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, кандай товар болбосун акысыз таркатууга, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат».

Бишкек шаары боюнча УКМК ШБ тарабынан берилген маалыматтардан улам, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер – Т.Дайырбековдун пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы тастыкталган.  

Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленгендей, «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин аткарылышын көзөмөлгө алат жана жол берилген мыйзам бузууларды жоюу боюнча чараларды көрөт».  

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык: « Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууга укуктуу».

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацында шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир этүүчү мыйзам бузуулар деп, шайлоочуларды сатып алууга байланышкан бузуулар да кирет.  

Ошону менен бирге эле, конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 8-бөлүгүндө белгиленгендей, Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, өз өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышат».

 Бул учурда, тергөөнүн алкагында А.Пахомовго шайлоочулардын добуштарын сатып алууда шектүүлүгү тууралуу тапшырылган билдирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин деутаттыгына талапкер Т.Дайырбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адам тарабынан катталган эмес.   

Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Т.Дайырбеков менен териштирилип жаткан иш боюнча өтүп жаткан адамдардын байланышын укук коргоо органдары тарабынан аныктоонун жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча талапкер Т.Дайырбековдун жоопкерчилигин кароонун максатка ылайыктуулугу тууралуу жыйынтыкка келди.  

Жогоруда айтылгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-, 43-, 37-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-, 4-, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2020-жылы 4-февралда кабыл алынган №33 токтому менен бекитилген “Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧККТ) ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобосун жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы   

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары боюнча УКМК ШБнын №03-828-2021-000201сотко чейинки өндүрүшү боюнча берилген маалыматты эске алуу.   

2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер – Дайырбеков Таалайбек Эсенбековичти шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча укук коргоо органдары тарабынан аталган талапкер менен териштирилип жаткан иш боюнча адамдардын байланышы укук коргоо органдары тарабынан аныкталган учурда  шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартуу маселеси каралсын.  

3. Бишкек шаары боюнча КР УКМК ШБ тарабынан № 03-828-2021-000201 менен сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөнүн жыйынтыгы боюнча так маалымат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилсин.  

4. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында Аталган чечимди жүзөгө ашырууну көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун жетекчиси Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

                            ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жыл 27-ноябрь

№1399