Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 23.11.2021 №1295 №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз …

23.11.2021 №1295 №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековго карата Ж.Т. Музуратбековдун арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековго карата Ж.Т. Музуратбековдун арызы жѳнүндѳ

2021-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин жана тартибин бузгандыгы жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ж.Т. Музуратбековдон арыз (№02-14/4401) келип түшкѳн.

2021-жылдын 23-ноябрында шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун кошмо жыйынына берилген документтерди ар тараптуу кароо үчүн №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ашыркул уулу Кенжебек жана арыз ээси Ж.Т. Музуратбеков чакырылган.

Арыз ээси №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековдун шайлоочулар менен жолугушуусу жѳнүндѳ видеоролик социалдык түйүндѳрдѳ жайылтылганын, ал «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бѳлүгүн бузуу менен Борбордук шайлоо комиссиясына берилбегендигин кѳрсѳткѳн.

Өзүнүн жүйѳсүн негиздѳѳ үчүн Ж.Т. Музуратбеков арызга компакт-диске түшүрүлгѳн видеороликти тиркеген.

Берилген узактыгы 00.59 секунддук видеоматериалда үгүт материалдарын пайдалануу менен Д.А. Джумабековдун жолугушуусунун үзүндүсү чагылдырлыган.

Арызды, кошо берилген материалдарды карап чыгып, 2021-жылдын 23-ноябрындагы жыйынында Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Басма жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш».

Ушул эле берененин 2-бѳлүгүндѳ бардык басылма жана үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, аты-жөнүн), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле талапкердин же талапкердин, саясий партиянын табыштамага акы төлөгөн финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтуусу тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынары белгиленген.

 

Жумушчу топтун жыйынынын жүрүшүндѳ №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабеков же анын ыйгарым укуктуу ѳкүлү тарабынан жогоруда кѳрсѳтүлгѳн беренени бузган ошол үгүт видеоролиги Борбордук шайлоо комиссиясына берилбегендиги аныкталды. Мындан тышкары, конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн маалыматтар жок болгон.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрө тургандыгы белгиленген.

2021-жылдын 23-ноябрындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына арыз ээси Ж.Т. Музуратбеков, №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ашыркул уулу Кенжебек катышты.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан үгүт видеоролиги «Facebook» жана «Instagram» социалдык түйүндѳрүндѳ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнүн талаптарын бузуу менен жарыялангандыгы аныкталды.

№20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ашыркул уулу Кенжебек «Facebook» социалдык түйүнүндѳгү аккаунт №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековго таандык экендигин белгилеген.

Борбордук шайлоо комиссиясы №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековдун аракеттеринде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүн бузуунун белгилери бар, ал үчүн анын ичинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 44-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык жоопкерчилик каралган деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жѳнүндѳ» 2017-жылдын 10-июлундагы №117 жобону жана «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси боюнча жумушчу топ жѳнүндѳ» 2021-жылдын 15-сентябрындагы №693 Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Материалдар №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Джумабековду Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 44-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси К. Маматовго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-ноябры

№ 1295