Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 01.07.2021 №122 Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын жоопкерчилигин …

01.07.2021 №122 Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын жоопкерчилигин кароо жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын жоопкерчилигин кароо жѳнүндѳ

2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону ѳткѳрүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Респуликасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) айрым чечимдери менен айрым аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – АШК) жана алардын тѳрагаларынын жоопкерчилиги тууралуу маселени кароо каралган.

Кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча КР БШКнын 2021-жылдын 23-июнундагы №86/ОД буйругу менен аймактык шайлоо комиссияларынын жана Ысык-Ата, Сузак, Аламүдүн, Жети-Өгүз, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын жоопкерчилигин кароо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлгѳн.

2021-жылдын 28-июнундагы жыйынында Комиссия тѳмѳндѳгү тѳрагалардын жоопкерчилиги тууралуу маселени карады:

-Ысык-Ата АШК–Джаманкулова Мира Кѳкүлованын,

- Сузак АШК –Кыргызбаев Мухтар Осмоновичтин,

- Аламүдүн АШК–Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровнанын,

- Жети-Өгүз АШК – Алымбаев Нурбек Толомушовичтин,

- Кадамжай АШК – Омурзаков Тилек Рахмановичтин.

Берилген материалдарды иликтеп чыгып, аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын, алардын кѳрсѳтмѳсү боюнча тийиштүү чечим кабыл алынган арыз ээлеринин жүйѳлѳрүн угуп жана талкуулап, Комиссия тѳмѳндѳгүлѳрдү сунуш кылат:

1) даттанууларды ѳз учурунда карабоого алып келген аракетсиздиги (2021-жылдын 30-апрелиндеги № 77 чечим), келип түшкѳн арыздарды жана даттанууларды кароонун жол-жоболорун бузгандыгы (2021-жылдын 1-майындагы №85 чечим) үчүн Ысык-Ата АШКнын тѳрагасы М.К. Жаманкулованы кайра шайлоо сунуш кылынсын. 

2) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл ѳкмѳттөрүнүн башчыларын шайлоонун жол-жоболорун бузгандыгы (2021-жылдын 13-июнундагы №113 жана 2021-жылдын 13-июнундагы №106 чечимдер), ошондой эле шайлоо комиссияларынын принциптерин бузгандыгы үчүн тѳрагасы М.О. Кыргызбаев Сузак АШКнын курамынан чыгарылсын.

3) даттанууларды ѳз учурунда карабоого алып келген аркетсиздиги (2021-жылдын 3-майындагы №100 чечим) үчүн Аламүдүн АШКнын тѳрагасы Г.А.Мамасадыковага эскертүү берилсин.

4) чечим кабыл алууда жол-жоболоштуруу процедураларын бузгандыгы (2021-жылдын 21-июнундагы № 115 чечим) үчүн Жети-Өгүз АШКнын тѳрагасы Н.Т.Алымбаевге эскертүү берилсин.

5) Баткен обулусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айыл ѳкмѳтүнүн башчысына добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу үчүн негиз болгон мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча жетишсиз иштери үчүн (2021-жылдын 21-июнундагы № 117 чечим) тѳрагасы Т.Р. Омурзакова Кадамжай АШКнын  курамынан чыгарылсын.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялар жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун, 22-беренесинин 10-бѳлүгүнүн 10-пунктун, Кыргыз Респуликасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧТИ:

1. Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын жоопкерчилигин кароо жѳнүндѳ Комиссянын чечими эске алынсын.

2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасын кайра шайлоо жѳнүндѳ маселени кароо сунушталсын.

3. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын  курамынан тѳрагасы М.О. Кыргызбаев чыгарылсын.

4. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Г.А. Мамасадыковага эскертүү берилсин.

5. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н.Т. Алымбаевге эскертүү берилсин.

6. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан тѳрагасы Т.Р. Омурзаков чыгарылсын.

7. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу

№122