Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 12.09.2023-ж. №218 П.О. Орозбековага карата укук коргоо органдарынын …

12.09.2023-ж. №218 П.О. Орозбековага карата укук коргоо органдарынын материалдары жѳнүндѳ жана талапкер К.К. Самаковдун ыйгарым укуктуу ѳкүлүД. Суйундук уулунун талапкер жѳнүндѳ билип туруп жалган маалыматтарды жарыялоо жѳнүндѳ «Арыба» (www.aryba.kg)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

П.О. Орозбековага карата укук коргоо органдарынын

материалдары жѳнүндѳ жана талапкер К.К. Самаковдун

ыйгарым укуктуу ѳкүлүД. Суйундук уулунун талапкер жѳнүндѳ билип туруп жалган маалыматтарды жарыялоо жѳнүндѳ «Арыба» (www.aryba.kg) интернет-басылмасына карата арызы тууралуу

2023-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнен П.О. Орозбековага карата №02-001-2023-022654 сандуу материал шайлоо комиссиясынын компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодекси боюнча кароо үчүн келип түшкѳн.

Ошол эле эле күнү талапкер К.К. Самаковдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү Д. Суйундук уулунан Борбордук шайлоо комиссиясына арыз келип түшкѳн, арызда www.aryba.kg интернет-басылмасы шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча талапкер К.К. Самаковдун кармалгандыгы тууралуу жалган маалыматы жайылткандыгын билдирген, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин алкагында чара кѳрүүнү ѳтүнгѳн.

Келип түшкѳн материалга ылайык, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан П.О. Орозбекова 2023-жылдын 8-сентябрында «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча талапкер К.К. Самаковдун кармалгандыгы тууралуу «Кубанычбек Самаков 6-сентябрь күнү добуш сатып алуу фактысы менен кармалды. Баштапкы сумма 300 миң сом катары аныкталып, колго түшкөндөр бири-бирине көрсөтмө беришүүдө», деген текстеги маалыматты жарыялаган, ошондой эле жарыяланган посторунун арасында 2023-жылдын 10-сентябрында саат 20-26 да жарыяланган «Самаков 100% добуш сатып алган. ИИМ де фактылар бар» деген текстеги жарыяланма бар.

Мындан тышкары, иштин материалында 2023-жылдын 7-сентябрында www.aryba.kg сайтында К.К. Самаковдун кармалгандыгы тууралуу: «Бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан талапкер Кубанычбек Самаков 6-сентябрь күнү добуш сатып алуу фактысы менен кармалды. Баштапкы сумма 300 миң сом катары аныкталып, колго түшкөндөр бири-бирине көрсөтмө беришүүдө. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМ тарабынан тергөө уланып атат. Иликтөөнү жүрүшүнө карай дагы ири суммадагы каражаттар ачыкталабы?...Жыйынтыгында, Кубанычбек Самаковдун жоопкерчилиги мыйзам алдында каралары күтүлүүдө» деген макала жарыялангандагы аныкталган.

Материалды кароодо ар тараптуу жана калыс болуу максатында Жумушчу топтун жыйынына П.О. Орозбекова жана интернет-басылманын ѳкүлү А. Сартбаев чакырылган, алар жумушчу топтун жыйынына катыша албай тургандыктарын, анткени Бишкек шаарынан тышкары жүрүшкѳндүгүн билдиришкен. Жыйынга Д. Суйундук уулу катышып, ѳзүнүн арызын колдой тургандыгын билдирген, ошондой эле интернет-басылманы тѳгүндѳѳ жарыялоого милдеттендирүүнү ѳтүнгѳн.

Келип түшкѳн материалдарды карап жана иликтеп чыгып, Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи.

Укук коргоо оригандарынын маалыматтарына ылайык, шайлоо алдындагы иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкер К.К. Самаков шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча кармалган эмес.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү. Төгүндөөлөр же түшүндүрмөлөр жооп берилип жаткан маалымат басылган бетте, электрондук аянтчада, ошондой эле арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, интернет-басылмаларда - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күнү, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки күндөгү чыгарылышта берилет...».

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт жана кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт».

Баяндалгандардын негизинде, П.О. Орозбекова жана www.aryba.kg интернет-басылмасы тарабынан конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн бузуу фактысын эске алып, Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына П.О. Орозбекованы жана www.aryba.kg интернет-басылманы талапкер жѳнүндѳ билип туруп жалган маалыматтырды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодекси боюнча жоопкерчиликке тартууну, интернет басылманы тѳгүндѳѳ жарыялоого милдеттерүүнү сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 66-беренесине ылайык «Депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылтуу, - жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет».

Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна П.О. Орозбекова, интернет басылманын ѳкүлү А. Сартбаев жана арыз ээси Д. Суйундук уулу чакырылган, алар жыйынга катыша албастыгы жѳнүндѳ билдиришкен.

Келип түшкѳн материалдарды жана арызды карап чыгып, Жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 66-беренесине ылайык Орозбекова Перизат Орозбековнаны жана www.aryba.kg интернет-басылмасын жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. 2023-жылдын 7-сентябрында жарыяланган шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча талапкер К.К. Самаковдун кармалуусу жѳнүндѳ макалага тѳгүндѳѳ жарыялоого www.aryba.kg интернет-басылмасы милдеттендирилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                       Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 12-сентябры

№218