Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 23.06.2021 №119 Ж. Иманалиевдин арызы жѳнүндѳ

23.06.2021 №119 Ж. Иманалиевдин арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Ж. Иманалиевдин арызы жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Ж. Иманалиевден 2021-жылдын 15-июнунда (№ 01-10/1885) арыз келип түшкѳн.

Арыз ээси 2021-жылдын 12-июнунда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шалоо болуп ѳткѳндүгүн билдирген. Депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган А.С. Кубанычбеков айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайланган.

Ж. Иманалиев шайлоонун натыйжалары менен макул эмес, анткени А.С. Кубанычбеков 2017-жылдан тартып айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп турганда жазык жоопкерчилигине тартылган. Далил катары арызга А.С. Кубанычбековго карата сот актысы кошо тиркелген.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу арыз ээси Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу 2021-жылдын 12-июнундагы протоколду анык эмес деп таанууну жана Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоону суранган.

Борбордук шайлоо комиссиясы арызды карап чыгып, арыз ээсинин жүйѳлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуш кылынган материалдарды карап чыгып, тѳмѳндѳгүдѳй жыйынтыкка келет.

“Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, “Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.”.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Жазык кодекси (мындан ары – КР ЖК) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы №10 мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан тартып коддонууга киргизилген.

КР ЖК 12-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, “Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат.”.

А.С. Кубанычбеков тарабынан жасалган жосун убакыты боюнча 2017-жылдын январындагы мезгилде жасалган, ушуга байланыштуу А.С. Кубанычбековдун соттуулугу тууралуу маселе 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине (мындан ары – КР КЖК) ылайык каралат.

2021-жылдын 18-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна А.С. Кубанычбековдун соттуулугунун жоюлушуна тийиштүү расмий корутунду берүү жѳнүндѳ суроо-талап (№ 04-1-09/612) жѳнѳтүлгѳн.

2021-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тѳмѳндѳгүлѳрдү (№01-09/1949) билдирген: “А.С. Кубанычбеков 2019-жылдын 30-апрелинде Бакай-Ата райондук сотунун ѳкүмү менен КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча тѳрт эпизод менен күнѳѳлүү деп табылып, 260 000 сом ѳлчѳмүндѳ айып салынган; КР ЖК 329-беренесинин 1-бѳлүгү боюнча күнѳѳлүү деп табылып, 220 000 сом ѳлчѳмүндѳ айып салынган.

Кылмыштардын жыйындысы боюнча КР ЖК 78-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык жогоруда кѳрсѳтүлгѳн кылмыштар боюнча сот тарабынан 300 000 сом ѳлчѳмүндѳ айып салынган, ошондой эле Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнүн пайдасына 135 000 сом ѳлчѳмүндѳ материалдык зыян өндүрүлүүсү көрсөтүлгөн.

Талас облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 29-июлундагы ѳкүмү менен Бакай-Ата райондук сотунун 2019-жылдын 30-апрелиндеги ѳкүмүнүн Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнүн пайдасына 135 000 сом ѳлчѳмүндѳ материалдык зыян өндүрүлүүсү жөнүндө бѳлүгү алынып салынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жонүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен Талас облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 29-июлундагы ѳкүмү КР ЖК 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн декриминалдашуусуна байланыштуу ѳзгѳртүлгѳн. А.С. Кубанычбеков КР КЖК 315-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) жаза ѳтѳѳдѳн бошотулган, КР ЖК 329-беренесинин 1-бѳлүгү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза белгиленбеген. Өкүмдүн корутунду бѳлүгүнөн КР ЖКнин 78-беренеси алып санынган.”.

Баяндалгандардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй корутундуга келет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен А.С. Кубанычбеков КР КЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча жазадан бошотулган, ушуга байланыштуу А.С. Кубанычбеков соттолгон эмес деп эсептелинет, анткени КР КЖК 76-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) “Соттун ѳкүмү боюнча жазадан бошотулган адам соттолгон эмес деп эсептелинет”.

Мындан тышкары, КР ЖК 59-беренесине ылайык “Ушул Кодексте каралган жосундун жазык жазалануусу алып салынган мыйзам күчүнө кирген күнү жосун кылмыштан арылтылган учурда адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат”.
Андан ары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен А.С. Кубанычбековго эскирүү мѳѳнѳтү аяктагандыктан КР КЖК 315-беренеси боюнча (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) жаза дайындалган эмес, ушуга байланыштуу А.С. Кубанычбеков КР КЖК 67-беренесине ылайык (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) жазык жоопкерчилигинен бошотулган.

КР КЖК 67-беренесинде (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы): “Эгерде кылмыш жасаган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөр: чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасалгандан кийин бир жыл” ѳтсѳ адам жазык жоопкерчилигинен бошотулары каралган.

Мындан тышкары, КР КЖК 76-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 2-пунктунуна ылайык (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы): “эркиндигинен ажыратууга караганда жазанын кыйла жеңил түрлөрүнө соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн же жазаны аткаргандан кийин бир жыл өткөндө соттуулугу жоюлат”.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы А.С. Кубанычбеков соттолгон эмес деп эсептелинет деген тыянакка келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 12-беренесин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) 67, 76-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 12-июнундагы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду анык эмес деп таануу жана кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Ж. Иманалиевдин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну,

№ 119