Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 23.06.2021 №118 Ч. Мамажунусовдун арызы жѳнүндѳ

23.06.2021 №118 Ч. Мамажунусовдун арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Ч. Мамажунусовдун арызы жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 10-июнундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин анык эмес деп таануу жѳнүндѳ Ч. Мамажунусовдон 2021-жылдын 15-июнунда (№ 01-10/1898) арыз келип түшкѳн.

Арызда 2021-жылдын 10-июнундагы Нариман айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо бузуулар менен ѳттү деп билдирилген, анткени Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы К. Кимсанов депутаттардын алдында программа менен чыгып сүйлѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берген эмес.

Арыз ээси ошондой эле айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер Н. Хосилов Ош шаарында мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тестирлѳѳдѳн ѳткѳн, бул сертификатты жасалма деп эсептейт, анткени анын ордун тестирлѳѳнү башка адам тапшырган. Арыз ээси ошондой эле Н. Хосилов тарабынан депутаттарды сатып алуу болушу мүмкүн экендиги жѳнүндѳ билдирген.

Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 10-июнундагы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин анык эмес деп таанууну суранган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына арыз ээси жана башка кызыктар тараптар видеобайланыш режиминде катышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы арызды, сунуш кылынган материалдарды угуп жана талкуулап, тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо процесси мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорду жана эрежелерди бузбай ѳткѳндүгүн белгиледи.

Шайлоо ачык ѳткѳн, бюллетендерди эсептѳѳ талапкерлердин жана депутаттардын катышуусунда жүргүзүлгѳн, добуш берүүнүн жашырындуулугу бузулган эмес, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протокол түзүлгѳн.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген фотоматериалдар шайлоо ачык ѳткѳндүгүн айгинелейт.

2021-жылдын 17-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Н.Н. Хосиловго сертификат берүүнүн аныктыгына жана жол-жоболоруна тийиштүү «Кыргызтест» мамлекеттик бирикмесине суроо-талап (№04-1-08/63) жѳнѳтүлгѳн.

2021-жылдын 18-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабына «Кыргызтест» мамлекеттик бирикмесинин жообунда тѳмѳндѳгүлѳр маалымдалган:

- 2021-жылдын 29-майында Н.Н. Хосилов биринчи жолу «Кыргызтест» системасы боюнча Ош шаарында тестирлѳѳдѳн ѳткѳн, тестирлѳѳнүн натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алган;

- 2021-жылдын 31-майында Н.Н. Хосилов экинчи жолу «Кыргызтест» системасы боюнча Жалал-Абад шаарында тестирлѳѳдѳн ѳткѳн.

Алган баллына (канааттандырарлык натыйжа) ылайык Н.Н. Хосиловго «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сертификаты берилген, деңгээли – Ортодон жогору (В2) № 3018776 , 2021-жылдын 31-майы.

Тиркелген видео жана фотоматериалдарда Н.Н. Хосиловдун ѳзү тестирлѳѳ жол-жобосунан ѳтүп жаткандыгы кѳрүнүп турат.

Ошентип арыз ээсинин Н.Н. Хосиловго берилген мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу «Кыргызтесттин» сертификатынын анык эместиги (жасалма) жѳнүндѳ жүйѳсү тастыкталган жок.

Ч. Мамажунусовдун Н.Н. Хосилов тарабынан Нариман айылдык кеңешинин депутаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жѳнүндѳ арызы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээси тарабынан кандайдыр-бир далилдер берилбегендигин белгилейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы Ч. Мамажунусовдун арызы боюнча талаптар канааттандыруудан баш тартууга жатат деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48, 49-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 10-июнундагы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин анык эмес деп таануу жѳнүндѳ Ч. Мамажунусовдун арызы боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 23-июну

№ 118