Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 19.06.2021 №114 А. Джалиловдун, М. Абдурахмановдун, А. Мамазайитовдун, …

19.06.2021 №114 А. Джалиловдун, М. Абдурахмановдун, А. Мамазайитовдун, С. Салиевдин арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

А. Джалиловдун, М. Абдурахмановдун, А. Мамазайитовдун, С. Салиевдин арызы жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Өзгѳн шаардык кеңешинин депутаттары А. Джалиловдон, М. Абдурахмановдон, А. Мамазайитовдон, С. Салиевден 2021-жылдын 13-июнунда (№ 01-10/1885) арыз келип түшкѳн.

Арызда Өзгѳн шаарынын мэрин шайлоо мыйзам бузуулар менен, атап айтканда, бюллетендерди телефонго сүрѳткѳ тартып алуу, добуш берүү үчүн белги графасында депутаттардын фамилиясы, аты менен белги коюу, добуш берүү үчүн орун-жайга жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрүн киргизбѳѳ менен ѳткѳндүгү кѳрсѳтүлгѳн. Ошондой эле шайлоо ѳткѳрүү учурунда Өзгѳн шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Н. Каримовдун тарапташтары жана туугандары тарабынан шайлоо процессине кысым жасалгандыгы кѳрсѳтүлгѳн.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу арыз ээлери 2021-жылдын 10-июнунда болуп ѳткѳн Өзгѳн шаарынын мэрин шайлоону анык эмес деп таанууну суранышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу арыз ээлеринин, аймактык щайлоо комиссиясынын жүйѳлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуш кылынган материалдарды карап чыгып, Өзгѳн шаарынын мэринин шайлоо процессинде жол-жоболорду жана эрежелерди бузууга жол берилген эмес деген тыянакка апкелет.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, шайлоо комиссиялары ачыктык принциби боюнча өз ишин жүзөгө ашырат.

Өзгѳн аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы К. Акыбаев шайлоо башталганга чейин шаардык кеңештин депутаттарынын талаптары боюнча шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү киргизилбегендигин түшүндүрдү. Өзгѳн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин ачык, айкын болушу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрүнүн катышуусун чектѳѳгѳ жол бербѳѳнү ѳтѳ суранган, натыйжада ЖМКга шайлоо процессин чагылдырууга жол берилген.

Борбордук шайлоо комиссиясы арызда кѳрсѳтүлгѳн Өзгѳн шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Н. Каримовдун тарапташтары тарабынан кысым жасалгандыгы тууралуу маалымат боюнча Өзгѳн шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Н. Каримовдун тарапташтары тарабынан кысым жасалгандыгы жѳнүндѳ маалыматты иликтѳѳ жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылууну зарыл деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүн, 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Өзгѳн шаарынын мэрин шайлоону анык эмес деп таануу бѳлүгүндѳ А. Джалиловдун, М. Абдурахмановдун, А. Мамазайитовдун, С. Салиевдин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Өзгѳн аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо ѳткѳрүүдѳ ачыктык принциптерин бекем сактоо кѳрсѳтүлсүн.

3. Өзгѳн шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Н. Каримовдун тарапташтары тарабынан шайлоо процессине кысым жасалган болушу жѳнүндѳ маалыматты иликтѳѳ жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылсын.

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 114