Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 19.06.2021 №111 К. Атабаевдин арызы жѳнүндѳ (11.06.2021-ж., № …

19.06.2021 №111 К. Атабаевдин арызы жѳнүндѳ (11.06.2021-ж., № 01-12/1865)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

К. Атабаевдин арызы жѳнүндѳ

(11.06.2021-ж., № 01-12/1865)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 10-июнунда болуп ѳткѳн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону мыйзамдуу жана анык деп эсептѳѳ ѳтүнүчү менен К. Атабевден 2021-жылдын 11-июнунда (№ 01-12/1865) арыз келип түшкѳн.

Арыз ээси 2021-жылдын 10-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳткѳндүгүн белгилейт. Ага 31 депутаттардын жалпы санынан 30 депутат катышкан. Депутаттардын бирѳѳсү милициянын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгына байланыштуу УКИге киргизилгендинен улам айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого катышкан эмес.

Шайлоого тѳрт талапкер катталган. Биринчи турда талапкерлер мына мындай добуштарды алышкан: Акимов А. - 12 добуш, Атабаев К. (арыз ээси) - 9 добуш, Аширалиев А. - 8 добуш, Шарапов А. - 1 добуш, бир бюллетень баарына каршы берилген.

Экинчи турда эң кѳп добуштарды алышкан эки талапкер: Атабаев К. - 15 добуш, Акимов А. - 14 добуш алышкан, бир бюллетень баарына каршы берилген.

Арыз ээси түшүнүксүз себептерден улам Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары болуп ѳткѳн жок деп таанылгандыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 10-июнунда болуп ѳткѳн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону мыйзамдуу жана анык деп эсептѳѳнү ѳтүнгѳн.

Арыз ээсине кароонун датасы жана убактысы маалымдалган, бирок техникалык себептерден улам жыйынга катышкан эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээсинин жүйѳлѳрүн жана сунуш кылынган материалдарды карап жана талкуулап, тѳмѳндѳгүдѳй корутундуга келет.

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, «Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет».

2021-жылдын 10-июнундагы Халмион айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ протоколго жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколго ылайык А. Акимов – 14 добуш, К. Атабаев -15 добуш алышкан, баарына каршы 1 добуш берилген.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны 31 депутатты түзѳт.

Ошентип К. Атабаев да, башка талапкерлер да депутаттардын жалпы санынын зарыл кѳпчүлүк добушун, б.а. 16 же андан кѳп добушун алышкан эмес.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 10-июнундагы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ протокол жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протокол күчүндѳ калтырылууга жатат деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бѳлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 10-июнунда болуп ѳткѳн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону мыйзамдуу жана анык деп таануу жѳнүндѳ К. Атабаевдин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 111