Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 11.02.2020 №1 «Кыргыз Республикасынын талапкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин …

11.02.2020 №1 «Кыргыз Республикасынын талапкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формасын бекитүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын талапкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формасын бекитүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 3 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53,60-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү  боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй

 

ЧЕЧТИ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын талапкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттаыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 3 чечимине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  жогоруда аталган чечимдин № 1 тиркемеси менен бекитилген шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялар тарабынан берилүүчү керектүү документтердин тизмеги:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

«3-1. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгү (№ 3-1 форма)»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:

«8-1. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (орто жалпы билимден төмөн эмес билими тууралуу документтин көчүрмөсү)»;

- № 9 формадагы “саясий партиянын аталышы, талапкердин фамилиясы аты-жөнү” деген сөздөрдөн кийинки “же коммерциялык эмес уюмдар” деген сөздөр алып салынсын;

-төмөнкүдөй мазмундагы 15- пункт менен толукталсын:

«Талапкердин күбөлүгү( № 10 форма)»;

төмөнкүдөй мазмундагы 16- пункт менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга макулдук берүү (№11 форма)»;

төмөнкүдөй мазмундагы 17- пункт менен толукталсын:

«Башка мамлекеттин жарандыгы жок документ (декларация) (№ 12 форма)»;

төмөнкүдөй мазмундагы 18- пункт менен толукталсын:

«18. Саясий партияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү»;

- № 1, 2 тиркемелерге ылайык 1, 2-формалар жаңы редакцияда баяндалсын;

- № 3 тиркемеге ылайык  3-1-форма менен толукталсын;

- № 4,5 тиркемелерге ылайык 4,5-формалар жаңы редакцияда баяндалсын;

- № 8, 9, 10 тиркемелерге ылайык 10, 11, 12-формалар менен толукталсын;

2. жогоруда аталган чечимдин №2 тиркемеси менен бекитилген айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялар тарабынан берилүүчү керектүү документтердин тизмеги:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

 «3-1. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгү (№ 3-1форма)»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:

 «8-1. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (орто жалпы билимден төмөн эмес билими тууралуу документтин көчүрмөсү)»;

- № 9 формадагы “саясий партиянын аталышы, талапкердин фамилиясы, аты-жөнү” деген сөздөрдөн кийинки “же коммерциялык эмес уюмдар” деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 13- пункт менен толукталсын:

 «Талапкердин күбөлүгү (№ 10 форма)»;

төмөнкүдөй мазмундагы 14- пункт менен толукталсын:

«13. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн тастыктаган документ”;

төмөнкүдөй мазмундагы 15- пункт менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга макулдук берүү (№11форма)»;

төмөнкүдөй мазмундагы 16- пункт менен толукталсын:

«Башка мамлекеттин жарандыгы жок документ (декларация)

(№ 12 форма)»;

төмөнкүдөй мазмундагы 17- пункт менен толукталсын:

«17. Саясий партияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү»;

- № 1, 2 тиркемелерге ылайык 1,2-формалар жаңы редакцияда баяндалсын;

- № 3 тиркемеге ылайык  3-1-форма менен толукталсын;

- № 4,5  тиркемелерге ылайык 4,5-формалар жаңы редакцияда баяндалсын;

- № 6, 7, 8 тиркемелерге ылайык 10, 11, 12-формалар менентолукталсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 11 февраль,2020 -жылы

№ 1