Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 19.06.2021 №110 Н. Мамбеталиевдин арызы жѳнүндѳ (08.06.2021-ж.,.№ 01-12/1835)

19.06.2021 №110 Н. Мамбеталиевдин арызы жѳнүндѳ (08.06.2021-ж.,.№ 01-12/1835)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Н. Мамбеталиевдин арызы жѳнүндѳ

(08.06.2021-ж.,.№ 01-12/1835)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 8-июнунда Н. Мамбеталиевден арыз (№ 01-12/1865) келип түшкѳн, арызда ал 2021-жылдын 2-июнунда болуп ѳткѳн Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону анык эмес деп эсептѳѳнү жана кайрадан шайлоо ѳткѳрүүнү суранган.

Арызда 2021-жылдын 2-июнунда болуп ѳткѳн Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Н. Мамбеталиев (арыз ээси) жана А. Адишов катышкандыгын кѳрсѳткѳн. Шайлоонун натыйжалары боюнча А. Адишов 12 добуш, Н. Мамбеталиев (арыз ээси) 8 добуш алышкан, баарына каршы 1 добуш берилген.

Арыз ээси 2021-жылдын 2-июнунда болуп ѳткѳн айыл ѳкмѳтүн шайлоону мыйзамсыз деп эсептейт жана тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт. А. Адишов кызматтык абалынан пайдаланып, айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордун бошотпой туруп, административдик ресурстарды пайдаланып, шайлоого катышкан. Мындан тышкары, арыз ээси А. Адишов ѳзүнүн кол алдында иштеген адамдарды пайланган деп эсептейт, алсак Н. Олжобаева Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери болуп туруп, айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого добуш берген, анткени ал депутаттын ыйгарым укуктарын мѳѳѳтүнѳн мурда токтотууга же болбосо башкы бухгалтердин кызмат ордун бошотууга тийиш эле.

Ушуга байланыштуу арыз ээси 2021-жылдын 2-июнунда болуп ѳткѳн Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону анык эмес деп таанууну жана кайрадан шайлоо дайындоону суранган.

Арыз ээси менен байланышууга мүмкүн болбогондугун, анткени ал кандайдыр-бир байланыш маалыматтарын кѳрсѳтпѳгѳндүгүн белгилѳѳ зарыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээсинин жүйѳлѳрүн жана сунуш кылынган материалдарды карап жана талкуулап, тѳмѳндѳгүдѳй корутундуга келет.

1) «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, «Айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу деп эсептелет.».

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого катышкан талапкер үчүн айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордун бошотуу же болбосо токтото туруу тууралуу талап белгиленген эмес.

2) Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 149 токтому менен Бешик-Жон айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдору бекитилген. Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы буйругу менен Н. Олжобаева Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтеринин ээлеген кызмат ордунан бошотулган, б.а. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин талаптарына ылайык айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарына шайкеш келбеген ишинен кеткен.

Азыркы учурда Н. Олжобаеванын «Бешик-Жон тазалыкта» адис катары ээлеген кызмат орду «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына карама каршы келбейт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө» Жобонун 1.6. пунктунда «Арыздар (даттануулар) жүйөлөштүрүлгөн болууга жана алар негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш» экендиги белгиленген.

Талапкер А. Адишов тарабынан административдик ресурстарды пайдалангандыгы же Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо колдонуудагы мыйзамдарды бузуулар тууралуу негиздүү далилдер арыз ээси тарабынан берилбегендигине байланыштуу, ошондой эле шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы Н. Мамбеталиеванын арызы канаатандырылбай калтырылууга жатат деген тыянакка келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 49-беренесинин 1-бѳлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 2-июнунда болуп ѳткѳн Бешик-Жон айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону анык эмес деп таануу жѳнүндѳ Н. Мамбеталиевдин талаптарын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 110