Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 09.02.2022 №155 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз …

09.02.2022 №155 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата К.Р. Тажибаевдин арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата К.Р. Тажибаевдин арызы жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2022-жылдын 5-февралында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата К.Р. Тажибаевден арыз (№Т-78) келип түшкѳн.

Арызда 2022-жылдын 31-январында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкина Салиева/Курманжан Датка кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде үгүт баннерин жайгаштырган. Ушуга байланыштуу арыздын автору «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 10-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык чара колдонууну жана талапкерди жоопкерчиликке тартууну суранган.

Өзүнүн жүйѳсүн негиздѳѳдѳ арыз ээси 00 мин. 51 секунд узактыктагы видеороликти шилтеме катары тиркеген.

Борбордук шайлоо комиссиясы арызды жана ага тиркелген материалдарды карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

«Facebook» социалдык түйүнүндѳ шилтеме боюнча узактыгы 00 мин. 51 секунд болгон видеодо «Социал-Демократтар» саясий партиясы, анын ичинде И.Ю. Карамушкинанын сүрѳтүн чагылдыруу менен үгүт баннери түшүрүлгѳн. Бул үгүт материалы «Социал-демократтар» саясий партиясы тарабынан 2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт ѳнѳктүгүндѳ даярдалган.

2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Социал-демократтар» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде мурда И.Ю. Карамушкина Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катышканын белгилѳѳ зарыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинанын аракеттеринде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жана эрежесин бузуунун белгилери жок деп эсептейт.

Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.».

«Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө» Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-декабрындагы №836 токтому менен Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары белгиленген.

Демек, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы тийиштүү аймактагы үгүт материалдарын алып коюу боюнча ишти камсыз кылууга тийш эле.

Арызды кароо учурунда №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинанын ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.Л. Халикова Салиева/Курманжан Датка дареги боюнча үгүт материалынын жок экендиги тууралуу видеоматериалды кѳрсѳттү.

Ошондой болсо да, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органына – Бишкек шаарынын мэриясына «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 5-бѳлүгүнүн талаптарын аткаруунун зарылдыгы жѳнүндѳ кат жѳнѳтүүнү зарыл деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23, 27-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №118 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын(даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. К.Р. Тажибаевдин арызы боюнча талаптарын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органына – Бишкек шаарынын мэриясына «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 5-бѳлүгүнүн талаптарын аткаруунун зарылдыгы жѳнүндѳ кат жѳнѳтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежеси боюнча Жумушчу топтун жетекчиси У. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГАН .Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 9-февралы

№155