03.10.2024 №287 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайыңдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыгынын 5-пунктунун экинчи абзацын аткаруу боюнча, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилүүнүн тартиби жөнөндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкалары тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүшсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкалык шайлоо комиссияларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электроэнергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүшсүн.
4. Тийешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкалары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
5. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.
ТѲРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 3-октябры
№ 287