№ 173 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы ПЖ №157 Жарлыгы менен 2015-жылдын 4-октябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Республиканын аймагынан сырткары жерлерде -36, шайлоо дареги боюнча кошумча-46 шайлоо участкалары түзүлүп, баардыгы 2374 шайлоо участокторунда добуш берүү жүргүзүлдү жана 54 аймактык шайлоо комиссиялары иш алып барды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо биометрикалык маалыматтарын тапшырган, добуш берүү күнү 18 жашка толгон жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилип, жарандарды идентификациядан өткөрүүчү аппараттарды жана добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөктөрдү колдонуу менен өткөрүлдү.

Добуш берүү күнү шайлоо участкалары жабылаары менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (мындан ары-БШК) борбордук серверине 2322 автоматтык эсептөөчү үкөктүн жыйынтык протоколу атайын корголгон канал менен келип түшкөн. Байланыш жок 16 шайлоо участкаларынан жана республиканын аймагынан сырткары жерлердеги 36 шайлоо участкаларынан келген эмес. Келип түшкөн алдын ала натыйжада ар бир шайлоо участоктору боюнча шайлоочулардын катышы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы БШКнын сайтындагы шайлоо маалыматтык системасына чагылдырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 69 өлкөдөн, 40 Эл аралык уюмдардан, жалпы 613 эл аралык байкоочулар байкоо жүргүзүштү.

Шайлоочулардын тизмесине 2 761 297 шайлоочу катталып, добуш берүүгө 1 630 125 шайлоочу катышып 59, 03 % түздү.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен жыйынды таблица түзүлгөн (№1тиркеме).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы боюнча жыйынды таблицада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн “Аалам – партияларга кирбегендердин партиясы”, “Ар-Намыс”, “Замандаш”, “Азаттык” Демократиялык партиясы”, “Кыргызстан элдеринин Конгресси”, “Улуу Кыргызстан”, “Мекен Ынтымагы” саясий партияларына ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 % дан аз добуш берилген. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясы регионалдык 0,7 % тоскоолдуктан өтүп, республикалык 7 % тоскоолдуктан өткөн эмес.  Ар бир саясий партияга берилген добуштардын маалыматы жыйынды таблицада көрсөтүлгөн.

“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү Прогресс”, “Бир Бол”, “Ата Мекен” саясий партиялары ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 % дан көп добуш алып, регионалдык тоскоолдуктан өткөн.

“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы 435968 добуш 26,81 %, “Республика-Ата Журт” саясий партиясы 320115 добуш 19,69 %, “Кыргызстан” саясий партиясы  206094 добуш  12,67 %, “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясы 148279 добуш  9,12 %, “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик” саясий партиясы 135875 добуш 8,36 %, “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы 123055 добуш 7,57 %  алып, Республика боюнча 7% дык тоскоолдуктан өтүп, депутаттык мандат бөлүштүрүүгө киргизилди.

Натыйжада, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясына 38 мандат, “Республика-Ата Журт” саясий партиясына 28 мандат, “Кыргызстан” саясий партиясына  18 мандат, “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясына 13 мандат, “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик” саясий партиясына 12 мандат, “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясына 11 мандат бөлүштүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесин жетекчилике алып, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы боюнча жыйынды таблица бекитилсин (№1 тиркеме).

3. Төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси депутаттык мандатты бөлүштүрүүдөн чыгарылсын:

- “Аалам – партияларга кирбегендердин партиясы” саясий партиясы;

- “Ар-Намыс” саясий партиясы;

- “Замандаш” саясий партиясы;

- “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясы;

- “Кыргызстан элдеринин Конгресси” саясий партиясы;

- “Улуу Кыргызстан” саясий партиясы;

- “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясы;

- “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы;

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 120 депутаттык мандаты төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине бөлүштүрүлсүн:

- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясына 38 депутаттык мандат;

- “Республика-Ата Журт” саясий партиясына 28 депутаттык мандат;

- “Кыргызстан” саясий партиясына 18 депутаттык мандат;

- “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясына 13 депутаттык мандат;

- “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик” саясий партиясына 12 депутаттык мандат;

- “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясына 11 депутаттык мандат.

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы боюнча протоколу бекитилсин (№2 тиркеме).

6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовко жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 15-октябры

№173

 

2015-жылдын 15-октябрында жарыяланды