Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136
токтому менен бекитилген
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР БШКнын 2024-жылдын 28-октябрындагы № 175 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартибин жөнго салат.
2. Аралыктан добуш берүү (мындан ары – АДБ) электрондук жана/же кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин жана электрондук системада добуш берүү маалыматтарынын автоматтык жыйындысын пайдалануу менен (аралыктан) шайлоо участкасында добуш берүү;
3. АДБ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоочуларынын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугугунан улам туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгу болбогон жана аралыктан добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн багытталган.
4. Аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоочунун өз эркин билдирүүсүн жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жана шайлоочунун өз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларынын шифирленген түрдө өзгөрүлбөстүгүн эске алуу менен аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды түзүү, добуш берүүнүн жашыруундуулугун сактоо, шайлоочунун жеке маалыматтары менен анын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжасынын ортосундагы байланышты түзүүнүн мүмкүн эместиги, ошондой эле жарандык контролдун жана мониторингдин өбөлгөлөрүн камсыздоо камсыз кылынат.
5. Бул Жобо Конституциянын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) актыларынын талаптарынын негизинде кабыл алынган.
2. Аралыктан добуш берүү процессин уюштуруу. Аралыктан добуш берүүнүн участкалык шайлоо комиссиясын (мындан ары – АДБ УШК) түзүү
6. Аралыктан добуш берүү участкаларын ачуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин КР БШК чечими менен аныкталат.
КР БШК аралыктан добуш берүүнү өткөрүүнү камсыз кылууну аралыктагы участканын жайгашкан жери боюнча аймактык шайлоо комиссиясына жүктөөгө укуктуу.
Аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасын уюштуруу жүктөлгөн аймактык шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасы жайгашкан жерге жакын турган участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен шайлоо комиссиясын түзөт.
АШК аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасын (мындан ары – АДБ ШУ) ачуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин дароо АДБ УШК түзөт.
АДБ УШКнын сандык курамы аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулардын төмөндөгү санына жараша аныкталат:
-900 шайлоочуга чейин – 7 мүчөдөн кем эмес;
- 901ден жана андан жогору шайлоочудан – 9 мүчөдөн кем эмес.
Бир АДБ ШУда добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулардын саны 3000 шайлоочудан ашпоого тийиш.
Бир АДБ ШУда шайлоочулардын жол берилген саны ашкан учурда, шайлоочулар жакынкы АДБ ШУга жиберилет.
Бул аймактагы бир АДБ ШУда шайлоочулардын саны ашкан учурда КР БШК бул аймакта кошумча АДБ ШУ ачуу жөнүндө чечим кабыл алат.
АДБ УШКнын иштөө мөөнөтү шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин токтотулат. Аралыктан добуш берүү жыйынтыктары даттанылган учурда, АДБ УШКнын ыйгарым укуктары жогору турган комиссиянын чечимин аткарган же болбосо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
АДБ УШК мыйзамдарда жана бул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде аралыктан добуш берүүнү өткөрүү тартибин уюштурат, добуш берүү үчүн жайларды жана жабдууларды даярдайт.
АДБ УШКнын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана анын тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
7. Аралыктан добуш берүүнү өткөрүү үчүн добуш берүү үчүн жай бөлүнүп берилет.
Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, автоматтык эсептөөчү урналар (мындан ары – АЭУ), онлайн режиминде шайлоочунун биометрикалык маалыматтарын берүү үчүн байланыш каналдары (коопсуз зымдуу/зымсыз байланыш каналдары) бар принтерлүү идентификациялоо түзүлүшү (мындан ары – ПИТ), көрмө каттоо түзүлүшү, ноутбук, планшет, үзгүлтүксүз камсыздоо булактарынын түзүлүшү, ошондой эле тарамдык жабдуу жайгаштырылат.
Аралыктан добуш берүү үчүн жай АЭУ, ПИТ, обзордук монитор бир убакта шайлоо комисияларынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, шайлоочулардын көз алдында болгудай жабдылууга тийиш.
Шайлоочуларды идентификациялоо процессинин жана добуш берүүнүн жүрүшүнүн айкындуулугу үчүн АДБ ШУ видебайкоо орнотулат.
3. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзүү
8. Аралыктык формада добуш берүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган шайлоочу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен аралыктык формада добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө электрондук арыз менен АДБ ШУ түзүлгөн жери боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына, ал добуш берүүгө ниетенген аралыктык участканын комиссиясына, биометрикалык идентификациядан өтүү менен, ошондой эле идентификациянын жана аутентификациянын (ОЭП, eID-карта, QR) бирдиктүү системасы аркылуу же жактын FACEID биометриясынын жардамы менен авторлоштуруудан өтүү менен мамлекеттик порталда “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу шайлоочунун катталган жери боюнча участкалык комиссиясына кайрылууга укуктуу.
Бир эле административдик-аймактык бирдиктин чегинде АДБ ШУга арыз берүүгө жол берилбейт жана мындай арыздар шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынбайт.
Аралыктан добуш берүүгө катышуу жөнүндө электрондук арыздын формасы ушул жободо 1-тиркемеге тиркелет.
8-1. Шайлоочу, жеке/биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациядан өтүү менен шайлоочунун катталган жери боюнча участкалык шайлоо комиссиясына, АДБ ШУ түзүлгөн жери боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына же шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу пункттарына аралыктык формада добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө кагаз түрүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Аралыктан добуш берүүгө катышуу жөнүндө кагаз түрүндө арыздын формасы ушул жободо 2-тиркемеге тиркелет.
(КР БШКнын 2024-жылдын 28-октябрындагы № 175 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Аралыктагы формада добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздары бир гана жолу берилет жана келип түшкөн учурдан тартып токтоосуз иштелип чыгат.
10. Арызды иштеп чыгуунун статусу жөнүндө жооп кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирилбестен шайлоочунун жеке кабинетине же болбосо арызда көрсөтүлгөн электрондук дареги боюнча электрондук билдирүү формасында шайлоочуга жиберилет.
11. Аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын тизмеси ар бир аралыктагы участка боюнча өзүнчө түзүлөт жана “Тизме” мамлекеттик порталынын бөлүгүндө өзүнчө жайгаштырылат.
12. Аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочунун биометрикалык маалыматтары өзүнүн шайлоо участкасында колдонулуучу идентификациялоонун локалдык системасында блокировкаланууга тийиш.
Өзүнүн шайлоо участкасында идентификациялоого аракеттенгенде, обзордук монитордо бул шайлоочу аралыктык добуш берүүнүн катышуучусу болуп саналгандыгы тууралуу маалымат көрүнөт.
13. Өзүнүн шайлоо участкасында шайлоочулардын биротоло тизмесинин кагаздагы вариантында аралыктык добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз беришкен жана аралыктык добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын тушунда, “кол тамга” графасында “АДБ арызы” (аралыктык добуш берүү жөнүндө арыз) белгиси коюлат.
14. Аралыктык добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочу аралыктык добуш берүүгө гана катышууга укуктуу.
15. Аралыктан добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен КР БШКнын расмий сайтынын тиешелүү бөлүгүнө, ошондой эле шайлоо участкасында илинет.
4. Электрондук жана/же кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетени
16. Аралыктык формада добуш берүү үчүн электрондук жана/же кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетендери колдонулат.
Шайлоо бюллетенинин формасы жана тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде КР БШК тарабынан бекитилет.
17. Шайлоо бюллетенинин формасы бекитилгенден кийин талапкер же саясий партия чыгып кеткен учурда, талапкердин же саясий партиянын позициясы шайлоо бюллетенен сызылып ташталат же деактивизацияланат.
5. Аралыктан добуш берүү тартиби
18. Аралыктан добуш берүү шайлоо күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
19. Шайлоочу аралыктык добуш берүүнү өткөрүү орду боюнча биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоодон өтүүсү зарыл. Шайлоочуну идентификациялоо принтерлүү идентификациялоо түзүлүшүнүн (мындан ары - ПИТ) жардамы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Шайлоочуну биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо онлайн жана/же оффлайн режиминде жүргүзүлөт.
Шайлоочу биометрикалык идентификциялоо жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн учурда ПИТ экранында, ошондой эле көрүнүп туруучу монитордо анын маалыматтары чагылдырылат.
20. Добуш берүү үчүн жайда АДБ УШК мүчөлөрү – оператор жана/же идентификацияга тартылган оператор сканирлөө үчүн камеранын жардамы аркылуу шайлоочунун паспортунун машинаэсептөөчү зонасын (МЭЗ) сканирлейт, андан соң шайлоочу паспорту боюнча идентификациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин шайлоочуну колунун манжаларынын папиллярдык тактары боюнча биометрикалык идентификациялоо өткөрүлөт, колунун манжаларынын папиллярдык тактары боюнча сканирлөө аракеттернин саны – 10.
Колунун манжаларынын папиллярдык тактары боюнча идентификациялоодон өтпөгөн учурда камераны колдонуунун жардамы аркылуу шайлоочу бетинин геометриясы боюнча идентификациялоодон өтөт.
Шайлоочуну анын биометрикалык жана (же) жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерде илинген көрүнүп туруучу монитордо төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
- ошол шайлоо участкасында катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны;
- идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын саны;
- идентификациялоодон өткөн шайлоочунун сүрөтү;
- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалымат.
Шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн учурда шайлоочуга чек жана тийиштүү шайлоо округунун шайлоо бюллетени чыгарылып берилет. Шайлоо бюллетени менен чек шайлоочу тарабынан АДБ УШК мүчөсүнө көрсөтүлөт, ал шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу ага кол коет.
21. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирдим деп эсептеген учурда, ал бузулгандын ордуна жаңы шайлоо бюллетенин берүү өтүнүчү менен АДБ УШКнын мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. АДБ УШКнын мүчөсү атайын СМАРТ-картанын жардамы менен шайлоо бюллетенин чыгарып берет, мында бюллетенди кайра чыгарып берүү үчүн бузулган бюллетендин кодун ПИТке тиркөө керек, мындай учурда шайлоочулардын тизмеси үчүн жооптуу комиссия мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ошол шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коет. Жаңы шайлоо бюллетени бир гана жолу басылып чыгарылат. Бузулган бюллетен жараксыз кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт.
22. Шайлоо бюллетени добуш берүү үчүн кабинада толтурулат, анда башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт жана добуш берүүнүн жашырындуулугу сакталат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган орун шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүчүнүн өз эркин билдирүүсүн жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан добуш берүүчүнүн аракеттерин контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулууга же даярдалууга тийиш.
6. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө
23. Аралыктагы добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтык шайлоо системасы (мындан ары – МШС) тиешелүү шайлоо участкалары жана округдары боюнча бекитилген формада аралыктан добуш берүүнүн электрондук протоколун (мындан ары – АДБЭП) автоматтык түрдө түзөт. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары МШС сайтында чагылдырылат. Аймактык шайлоо комиссияларындагы системалык администраторлор АДБЭП басып чыгырышат жана иш-аракеттери ошол комиссиялардын чөйрөсүнө кирген округдар боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет.
24. АДБЭП төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санын;
-аралыктан добуш берүүдө добуш беришкен шайлоочулардын санын;
- “Баарына каршы” позициясына берилген добуштардын санын;
- алынган добуштардын санын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин.
Тиешелүү аймакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну АШК жүзөгө ашырат.
Маалыматтык шайлоо системасында (МШС) ар бир округ боюнча АДБЭП түзүлөт, ал жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ар бир округ боюнча шайлоонун натыйжаларын чыгарууда аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан эске алынат.
Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду басып чыгаруу процессинде талапкерлер, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан сүрөткө тартып алуу, кино-, көрмөтартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
АДБ УШК төрагасы АЭУда камтылган шайлоо бюллетендерин сорттоо башталгандыгы жөнүндө жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбагандыгын демонстралайт жана добуш берүү үчүн урнаны ачат. АДБ УШК мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин алып чыгат жана АДБ УШК мүчөлөрүнүн, эртең менен добуш берүү үчүн АЭУ мөөрлөп бекитүүдө башка адамдардын колдору коюлган контролдук баракчаны алып чыгат. АДБ УШК төрагасы контролдук баракчаны көрсөтөт.
Шайлоо боллетендери, шайлоочулардын тизмелери, чектер, АЭУ алгачкы жана жыйынтыктоочу протоколдору, идентификациялоо боюнча алгачкы жана жыйынтыктоочу отчеттор өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участкасынын номери, шайлоо бюллетендеринин, чектердин саны жана шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөрлөнөт, АДБ УШКнын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана өзүнчө мүшөктөргө же коробкаларга салынат жана аралыктагы участканын жайгашкан жери боюнча тиешелүү АШКга өткөрүп берилет.
25. Эгерде аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузууларга жол берилгенде, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык шайлоо участкалары боюнча аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары АШК тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Бул учурда шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык шайлоонун натыйжалары аралыктан добуш берүү эсепке алынбастан, шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.