КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Венгриядагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү программасына катышууда

10 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана БШК аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев Венгриядагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү программасына катышууда.

Иш сапар Венгриянын Улуттук шайлоо комиссиясынын Президенти Атилла Нагинин чакыруусу менен ишке ашууда.

Иш сапардын программасына ылайык, өкүлдөр 2026-жылдын 10–11-апрелинде өтө турган эл аралык байкоочулар үчүн брифингдерге, ошондой эле 12-апрелге дайындалган шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө катышат.

​​​​​​​