КР БШК кызматкерлери жана студенттер “Кыргыз Жараны” жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктарын жана шайлоодогу жаштардын ролун талкуулашты

10 апреля 2026

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) жаштар үчүн таанып-билүү иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин жана Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин филиалынын 50дөн ашуун студенттери катышты.

Жолугушуунун негизги темасы “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктиктер” уңгу жолун ишке ашыруунун алкагында “Кыргыз жараны” жалпы жарандык иденттүүлүгүнүн негиздери жана Кыргызстандагы шайлоо процесстериндеги жаштардын ролу болду.

Эксперт Роза Дуйшеева коомду консолидациялоого, жигердүү атуулдукка жана патриоттуулукка тарбиялоого негизги принциптерди жаштарга кеңири түшүндүрдү.

Өзгөчө көңүл жаш муундун Кыргызстандагы шайлоо процесстериндеги ролуна бурулду.

Шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Керемет Берикбаева студенттерге добуш берүү механизмдери, легитимдүү шайлоонун маанилүүлүгү жана жаш жарандар өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө чындап таасир эте ала тургандыктары тууралуу айтып берди.

"Жаштар - өлкөбүздүн келечеги гана эмес, бүгүнкүсү. Шайлоо процесстеринин адилеттүүлүгү жана ачык-айкын болушу сиздердин позицияңыздан жана мамлекеттин жашоосуна катышуу каалооңуздан көз каранды", - деп белгиледи студенттер менен болгон баарлашуу учурунда ЖБББнын директору Анара Бейшембаева.

Жолугушуу ачык диалог форматында өттү: студенттер тесттик добуш берүү учурунда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар бөлүмүнүн эксперти Улан Мурзаевге шайлоонун маалыматтык-коммуникациялык технологиялары боюнча суроолорду беришти.

Иш-чара КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун жарандардын укуктук маданиятын жана шайлоо активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-аракеттеринин алкагында уюштурулду.