КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

08 апреля 2026

Бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.

А.Ж. Эгембердиев №19 көп мандаттуу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.