Жарандык билим берүү жана санариптик сабаттуулук боюнча семинарлардын республикалык сериясы башталды

01 апреля 2026

Кыргызстандын бардык аймактарында Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда уюштурулган семинарлардын масштабдуу сериясы башталды. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген “Уңгужол” — “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” Доктринасын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 75-р (“2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу боюнча Программаны бекитүү жөнүндө”) буйругун аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Окутуу иш-чараларынын максаты — жарандык иденттүүлүктү бекемдөө, жарандардын шайлоо маданиятын жогорулатуу, ошондой эле калктын санариптик компетенциясынын деңгээлин көтөрүү болуп саналат. Окутууну уюштуруучу катары КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору эсептелет. Жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 56 борбордун (ЖСБББ) техникалык жана уюштуруучулук камсыздалышы системалык администраторлор жана КР БШКнын атайын өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

ЖСБББ калктын электрондук түрдө мамлекеттик кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын укуктук, санариптик жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн. Алардын милдеттерине калкты мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталдары менен иштөөгө үйрөтүү, жарандык жана шайлоо боюнча билим берүү тармагындагы билимдерди жайылтуу кирет.

Алгачкылардан болуп семинарлар Чүй облусунун Кемин районунан башталды. Жарандык жана санариптик өнүгүү борборунун системалык администратору Данияр Чанчаров жергиликтүү тургундар үчүн башталгыч семинарларды уюштуруп, республиканын бардык аймактарында иш-чараларды өткөрүүгө багыт берди.

Семинардын катышуучулары эки негизги багытты өздөштүрүшү керек:

1. Жарандык билим берүү: “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүк баалуулуктарын калыптандыруу жана жайылтуу. Бул окуулар блогу “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” Уңгужол Доктринасын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылып, коомду консолидациялоого багытталган.

2. Санариптик көндүмдөр: электрондук башкаруунун инструменттерин практикада колдонуу. Катышуучуларга мамлекеттик порталдын жана “Түндүк” мобилдик тиркемесинин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, жарандарга мамлекеттик кызматтарды мамлекеттик органдарга барбастан электрондук форматта алуу тууралуу.

Санариптештирүү доорунда технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу гана эмес, аларды натыйжалуу жана коопсуз колдонууну үйрөтүү да маанилүү. Өз кезегинде жарандык иденттүүлүктү бекемдөө жана шайлоо маданиятын жогорулатуу мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Бул багыттарды бирдиктүү циклдин алкагында айкалыштыруу бизге санариптик чөйрөдө да, активдүү жарандык позицияда дагы жана шайлоо процесстерине катышуу маселелеринде да өзүн бирдей ишенимдүү сезген муунду тарбиялоого мүмкүндүк берет.

Семинарларды 2026-жылдын 1-апрелинен баштап 1-сентябрына чейин республиканын бардык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда өткөрүү пландаштырылууда.

Иш-чаралар 2025-2026-жылдарга бекитилген санариптик сабаттуулук программасына ылайык улантылат.