КР Борбордук шайлоо комиссиясы Орозо айт майрамы менен куттуктайт!

20 марта 2026

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыңыздарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт!

Бүгүнкү Орозо айт – мусулман бир туугандарыбыз үчүн өзгөчө, маанилүү майрамдардын бири. Ыйык Рамазан айы бизди сабырдуулукка, кайрымдуулукка жана бири-бирибизге боорукер болууга чакырды. Бул айда көптөгөн жакшы иштер жасалып, жүрөктөрүбүз тазарып, ниеттерибиз жаңырды.

Жакшы ниетте кармаган орозоңуздар, кылган дуба тилектериңиздер кабыл болсун.

Орозо айт ар бир үйгө ынтымак, оомат жана бакыт алып келсин.

Айтыңыздар маарек болсун!