КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун 21-март – Нооруз майрамы менен куттуктоосу

21 марта 2026

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз – жер ойгонуп, табият жаңыланып, көктөмдүн деми сезилген, адамдардын жүрөгүнө үмүт, көңүлүнө шаттык тартуулаган элибиздин байыркы улуу майрамы.

Бул майрам илгертеден токчулуктун, кут-берекенин, эмгектин жана ынтымактын символу катары белгиленип келет. Күн менен түндүн теңелишине дал келген ушул майрамда айтылган бардык жакшы тилектер орундалып, кырманыбыз данга, дасторконубуз нанга толсун!

Мамлекетибизде тынчтык, элибизде ынтымак, өлкөбүздө өнүгүү болсун!