Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
18 марта 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында“Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү”жөнүндө токтом кабыл алды.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Ажибекова Айчурек Акылбековна (“Ынтымак” саясий партиясынан), Топчубаева Гүлмира Мамановна (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.
Комиссиянын курамына резервден Сактанов Тагдырали Тажиевич, Пазылов Кубанычбек Турдубаевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) киргизилди.
