КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
04 марта 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-мартта, өз жыйынында Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Газиев Данияр Назиралиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Батиров Зайирбек Тоировичке өткөрүлүп берилди;
- Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдукаимова Маргубахон Махаматкабыловнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ураимова Гульнара Махмуджановнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Райымбеков Улан Кимсановичтин (“Энергетик” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Белеков Барман Самидиновичке (“Энергетик” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбекова Чолпон Султанбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургуналиев Али Тургуналиевичке өткөрүлүп берилди;
- Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңешинин депутаты Карабекова Айгүл Асановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Түп районунун Балбай айылдык кеңешинин депутаты Сейдакматов Саламат Маратовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Букуева Розага өткөрүлүп берилди;
- Түп районунун Балбай айылдык кеңешинин депутаты Асанбеков Аскер Кадыровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жанузаков Бактияр Кеңешпековичке өткөрүлүп берилди;
- Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Шаршенов Бекжан Сталбековичтин (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Айдакеев Адилет Эсенгеловичке (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Панфилов шаардык кеңешинин депутаты Исаева Алина Романовнанын (“Ишеним” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мамбеталиева Салтанат Турдушевнага (“Ишеним” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Панфилов шаардык кеңешинин депутаты Наркулова Зарема Эркинбековнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Турдугожоева Залина Апсеитовнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Панфилов шаардык кеңешинин депутаты Джунушбаев Талантбек Ормонбековичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Атабаев Нурмухамед Адилбековичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Панфилов шаардык кеңешинин депутаты Садыков Самарбек Турдуевичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Каримбердиев Исабек Муйитдиновичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Нарын районунун Э. Дайракунов айылдык кеңешинин депутаты Дүйшөбаев Нурбек Жусуповичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сүйүнбаев Жолдубай Ускеновичке өткөрүлүп берилди.
