КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу

23 февраля 2026

Сиздерди 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү менен жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктайм!

Мекенди жана туулуп-өскөн жериңдин кызыкчылыгын коргоо - ар бир жарандын милдети. Ар тармактагы ак ниеттүү ишибиз, адал эмгегибиз менен мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдеп, туруктуулугун камсыздай алабыз.

Өлкөнүн өнүгүүсү, туруктуулугу жана келечеги үчүн эмгектенип жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!