КР БШК төрагасынын орун басары Б. Конуров КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 7-жыйынына катышты

20 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахадыp Конуров онлайн форматта КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 7-жыйынына катышты.

Жыйын 2026-жылдын 18–20-февраль күндөрү Санкт-Петербург шаарындагы Таврий сарайында өтүп жаткан «Шайлоо жана референдум институтуна болгон ишенимди калыптандыруу: эл аралык байкоонун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында уюштурулду.

Кеңештин ишине КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий катышты.

Өз сөзүндө Б. Конуров 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышканы үчүн КМШ ПААсына ыраазычылык билдирди.

Өткөн шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири аралыктан добуш берүүнүн колдонулушу болду. Бул механизм шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилген. Шайлоочулардын тизмесине кирген жаран бюрократиялык тоскоолдуктарсыз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат. Негизги максат - жарандардын шайлоо укуктарын толук камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, мунун алдында Консультативдик кеңештин алдындагы шайлоо чөйрөсүндөгү жаштар саясаты боюнча Жумушчу топтун жыйыны өткөн. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан онлайн форматта бул Жумушчу топтун мүчөлөрү Жакшылык Бекназаров жана Эмира Муктарканова катышты.