БШК ЖБББ менен биргеликте Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча Тегерек стол уюштурат

23 февраля 2026

2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) менен биргеликте Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча Доктринанын (Уңгужол) «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» алкагында Тегерек стол өткөрөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген Доктринанын жоболорун ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда.

Тегерек стол 2026-жылдын февраль айында Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында ЖБББ тарабынан өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу аянтча болот.

Иш-чаранын алкагында төмөнкүлөр пландалууда:

  • өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктарын чыгаруу;
  • аймактарда ишке ашырылган иш-чаралардын практикалык тажрыйбасын талкуулоо;
  • мындан аркы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо;
  • Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү жана жарандык иденттүүлүктү бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Ошондой эле калктын шайлоо маданиятын жогорулатуу жана жарандардын шайлоого жоопкерчиликтүү катышуусун калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.