КР БШКсы А. Алтынбековду, Т. Мамытовду жана А. Карабекованы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

13 февраля 2026

2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого катышкан № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден жаңыдан аныкталган жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 161 токтомун кайра карап чыгуу өтүнүчү менен арыз келип түшкөн.
КР БШК билдирүүнү ар тараптуу жана калыс кароо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөткөн. КР ИИМдин маалыматы боюнча, шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар шайлоо участкаларында талапкерлердин биринин тарапташтары тарабынан көчмө видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга байланыштуу шайлоо мыйзамдарынын айрым бузуу фактылары аныкталган.
Берилген материалдарга ылайык, аныкталган фактылар жеке мүнөзгө ээ жана жалпысынан округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына уюшкан же массалык таасир эткендигинен кабар бербейт. Текшерүү материалдарында көрсөтүлгөн аракеттер мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө таасир эткендиги же шайлоонун анык жыйынтыктарын аныктоого мүмкүнчүлүк бербегендиги тууралуу маалыматтар жок.
Жогорудагы маалыматтарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдарын жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй токтом кабыл алды:
1. КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 161 токтому жокко чыгарылсын.
2. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өттү деп таанылсын.
3. Талапкер Б.У. Сыдыков үчүн берилген шайлоочулардын добуштары жараксыз деп таанылып, тиешелүү шайлоо бюллетендери жараксыз бюллетендерге киргизилсин.
4. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилсин.
5. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды деп таанылсын:
- Алтынбеков Айбек;
- Мамытов Талант Турдумаматович;
- Карабекова Айгүл Асановна.
Токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.