№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары башталды
09 февраля 2026
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары бүгүн, 9-февралда Ноокен районунун Д.Садырбаев жана Э.Алиев айыл аймактарында башталды.
Шайлоочулар программалардын алкагында талапкерлерге суроолорду узатышып, ар кыл тармактагы көйгөлөрдү чечүү максатында мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарын беришти.
Ошондой эле аймактагы социалдык, инфраструктуралык маселелер да козголду.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жолугушуулар бардык талапкерлерге бирдей шартта уюштурулат.
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2026-жылдын 9-февралынан 13-февралына чейин уланат.
Эске салсак, жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.
13-округдун талапкерлеринин шайлоочулар менен жолугушуу графиги













