КР БШКсы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу бюллетендин формасын жана текстин бекитти
09 февраля 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-февралда 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө маселени карады.
Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана тексти бекитилди.




