№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү

05 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда № 13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрдү.

Ошондой эле, талапкерлер 2026-жылдын 1-мартына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн меморандумга кол коюшту.

Чүчү кулакка талапкерлер, катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты.

Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгында аныкталган шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүктү жана меморандум текстин төмөнкү шилтемелер аркылуу көрүүгө болот:

Протокол №1 №13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы жөнүндө

Меморандум

Протокол №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге №13 шайлоо округу боюнча акысыз эфирдик убакытты жана акысыз басма аянтын берүү үчүн  чүчүкулак тартуунун жыйынтыктары жөнүндө