КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата иш-чара өткөрөт
04 февраля 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору эртең, 5-февралда Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата иш-чара өткөрөт.
Жаштардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга жана шайлоо маданиятын калыптандырууга багытталган иш-чарага студенттер жана мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышат.
Катышуучулар интерактивдүү форматта шайлоо процессинин негиздери, шайлоонун мааниси жана өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө ар бир жарандын ролу менен таанышат.
Мындай иш-чара жыл сайын шайлоо процесстерине жана демократиялык институттарга болгон ишенимди бекемдөө максатында белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнүн алкагында өткөрүлөт.
