КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

28 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-январда, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- Белеков Мелис Касымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча – М.А. Мирзалимов, каржы маселелери боюнча – М.М. Молдалиев;

- Жолдошов Түмөнбек Эркинбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча – Кумарбек уулу Толубай, каржы маселелери боюнча – А.Э. Сулайманова;

- Атабекова Кызжибек Азимжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча – Ж.А. Кимсанов.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.