КР БШКсы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 4 талапкерди каттады
26 января 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-январда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
- Арстанбеков Акылбек Советбекович;
- Асанов Уланбек Жалалович;
- Калматов Токторали Калдарович;
- Чолпонов Уланычбек Калдарбекович.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.

