КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Мажарстандын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту

23 января 2026

Бүгүн, 23-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Мажарстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстери жаатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Шандор Дороги Мажарстан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинде алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу усулун, ошондой эле гендердик квотаны киргизүү жана ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда 2026-жылдын 12-апрелинде Мажарстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата Кыргызстандагы Мажарстандын Элчилигинде алардын жарандары үчүн шайлоо участогу уюштурулары талкууланды.

Өз кезегинде Айдана Жупуева КР Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын алкагында уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Шандор Дороги Мажарстанда өтө турган парламенттик шайлоодо эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн КР Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн катышууга чакырды.

Айдана Жупуева Мажарстандагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө активдүү катышуу ниетин билдирип, эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү маанилүү экендигине токтолду.