КР БШК өкүлдөрү Индияда демократия жана шайлоону башкаруу маселелери боюнча Эл аралык конференцияга катышууда

23 января 2026

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жана шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери Рустам Манасбеков 2026-жылдын 21-январынан 23-январына чейин Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан демократия жана шайлоону башкаруу маселелери боюнча Эл аралык конференцияга катышууда.

Иш-чараны Индиянын Шайлоо комиссиясы (ECI), Индиянын Демократия жана шайлоону башкаруу боюнча эл аралык институту (IIIDEM) International IDEA менен биргеликте Индиянын бул эл аралык уюмга 2026-жылдагы төрагалыгы алдында уюштурулган.

Конференция International IDEA уюмуна мүчө мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн шайлоо процессин башкарган органдардын жетекчилерин чогултуп, шайлоону административдик жактан уюштуруудагы заманбап чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, тажрыйба жана алдыңкы практикаларды алмашуу максатын көздөгөн.

Программанын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо процессин башкарган органдардын жетекчилеринин жабык пленардык сессиясына катышып, анда International IDEA уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Иш-чаранын катышуучулары шайлоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык ыкмалар менен бөлүштү. У.Жылкыбаев шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонуу темасында презентация жасады.

Конференцияга катышуу КР БШКнын эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө, шайлоону уюштурууда мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө жана өлкөдөгү демократиялык институттарды бекемдөөгө умтулуусун тастыктайт.