№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

16 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
-    Чолпонов Уланычбек Калдарбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.Т. Умарбеков жана каржы маселелери боюнча А.А. Борбиев;
-    Калматов Токторали Калдаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.А. Абдилхакимов жана каржы маселелери боюнча Р.Ж. Оморов.
- Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Курбанов жана каржы маселелери боюнча А.А. Исакова.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.