КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: 2026-жылы ар бирибиз койгон максаттарга жетип, ой-тилектер орундалып, өлкөнүн өнүгүшүнө салымыбызды кошолу
30 декабря 2025
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Өтүп бара жаткан 2025-жыл өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда маанилүү окуялар менен эсте калды. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо мыйзам чегинде, тынч жана ачык шартта өттү. Шайлоо жаңы система боюнча, заманбап технологиялар жана шайлоо жабдыктарын колдонуу менен өткөрүлдү.
Бул - жарандык жоопкерчиликтин, демократиялык баалуулуктардын жана коомдун жетилгендигинин айкын далили.
Борбордук шайлоо комиссиясы мындан ары да шайлоолорду таза, адилеттүү жана заман талабына ылайык өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай берет.
Жаңы жыл - өткөн жылга жыйынтык чыгарып, келечекке ишеним жана үмүт менен кадам таштаган өзгөчө мезгил.
2026-жылы ар бирибиз койгон максаттарыбызга жетип, ой-тилектерибиз орундалып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу. Ар бир үйдө тынчтык, токчулук, ынтымак жана береке болсун.
Жаңы жылыңыздар менен!
