КР БШКсы №13 шайлоо округунда кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти

30 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декабрында №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти (тиркелет).
Календардык план “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдагы шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүнө ылайык, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн иштелип чыккан. 
Анда иш-чаралар датасы, аткаруу мөөнөтү жана аткарууга жооптуу адамдар көрсөтүлгөн.
Календардык планда төмөнкү бөлүмдөр боюнча негизги иш-чаралар камтылган: 
-    шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо; 
-    добуш берүү үчүн жай; 
-    эл аралык жана коомдук байкоочулар; 
-    шайлоочулардын тизмеси;
-    шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу;
-    талапкерди көрсөтүү жана каттоо;
-    шайлоо алдындагы үгүт;
-    шайлоону каржылоо;
-    шайлоо бюллетендери;
-    добуш берүү тартиби; 
-    добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө.
Эске салсак, №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо КР БШКнын токтому менен 2026-жылдын 1-мартына дайындалды. 
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 63-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарат.