КР БШКнын 2025-жылдын 22-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22 декабря 2025
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 22-декабрь
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча 29 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
