КР БШКнын талапкер Э.Абакировдун өкүлү А.Абдрахматованын билдирүүсүнө байланыштуу түшүндүрмөсү

12 декабря 2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 шайлоо округунан талапкер Эльдар Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматованын ЖМКда «Сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимин мыйзамдаштыруу аракети болууда» деген билдирүүсүнө байланыштуу КР БШК төмөнкү түшүндүрмөсүн билдирет:
№26 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрында кабыл алынган токтомуна карата талапкер Э.Абакировдун Бишкек шаарынын Административдик сотуна берген арызы боюнча материалдарда КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы токтомунун көчүрмөсү берилген.
Бишкек шаарынын Административдик сотундагы ишти кароо учурунда талапкер тарап көрсөтүлгөн документтердин жараксыз экендиги жөнүндө билдирүү жасаган.
Ушундан улам, далилдердин толуктугун камсыз кылуу жана күмөн саноолорду четтетүү максатында КР БШКнын өкүлү соттон КР БШКнын токтомунун түп нускасын (оригиналын) берүү үчүн 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялоону өтүнгөн. Сот КР БШК өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырып, 2025-жылдын 8-декабрындагы КР БШКнын №189 токтомунун түп нускасы сунушталган.
2025-жылдын 8-декабрындагы КР БШКнын токтому мыйзамдарда белгиленген бардык процедуралар сакталуу менен кабыл алынган жана мыйзамдуу күчүнө киргендигин баса белгилейбиз. Талапкердин өкүлү билдиргендей, мурда берилген токтомду алмаштыруу же башка документ менен алмаштыруу мүмкүн эмес.
Эске салсак, КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы жыйынына №26 шайлоо округунан талапкерлер — Эльдар Абакиров, Гулниза Бейшенбаева жана Акжол Исаев катышкан. Талапкер Э.Абакировго өз оюн билдирүү үчүн сөз берилген.
Маселени кароонун жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү бир добуштан токтом кабыл алышкан: тогуз мүчө офлайн, эки мүчө онлайн катышкан.
КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрында саат 17:00дө өткөн жыйыны түз эфирде көрсөтүлгөн, учурда КР БШКнын YouTube-каналында эч бир бир монтажсыз, түп нускасында көрөрмандар үчүн жеткиликтүү экендигин билдиребиз.